Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып келүү фактысы аныкталды
RU

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып келүү фактысы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан Республикасынан баңгизатын ташып келүү жана Кыргыз Республикасында сатуу боюнча туруктуу каналды түзгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 5-июлунда саат 10:00 чамасында атайын тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын кире беришинде баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенгенге шектүү - Лейлек районунун 1996-жылы туулган тургуну П.Д. кармалган.

Кармалган учурда шектүүнүн жанынан скотч менен оролгон эки тегерек брикет болгон.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган бангизаттар салмагы 2 кг 100 граммды түзгөн чарс экени такталды.

Козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны П.Д.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16811