Бишкек мэриясы боюнча Россиянын Тергөө кызматынын дарегине жазылган билдирүү фейк
RU

Бишкек мэриясы боюнча Россиянын Тергөө кызматынын дарегине жазылган билдирүү фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга троллейбустарды жоюуга байланыштуу Бишкек мэриясынын аракеттери боюнча Россиянын Тергөө комитетине жолдонгон документтин сүрөтү тарады.

Андагы документте муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери тарабынан троллейбустардын жол кыймылын жана инфраструктурасын бузуу үчүн электробустарга алмаштыруу шылтоосу менен кызматтык кыянатчылыктарды жасоого аракет көрүлүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, Бишкекте чындап эле троллейбустарды жоюп, анын ордуна электробустарды киргизүү мерчемделүүдө. Мэрия троллейбус тармагын демонтаждоо иштерин 19-июндан тарта (троллейбустарды алып салуу маселеси боюнча коомдук угуулар учурунда жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын чечими чыкканга чейин) баштаган. Буга тынчсызданган жарандар петиция түзүп, мэрияга кат жолдоп, борбор калаадагы троллейбустарды сактап калуу үчүн күрөштү улантышууда.

Kaktus.media редакциясы жогорудагы документти Бишкектеги троллейбустардын сакталышын колдогон Кыргызстандагы жарандык активисттердин бири да жазбагандыгын аныктады.

"Биз Бишкек шаарындагы троллейбустарды сактап калууга болгон күчүбүздү жумшап, бийлик органдары менен тынымсыз иштешип жатабыз. Бирок биздин иш-аракетибизге саботаж жасоого аракет кылгандар болуп жатат. Бүгүн Facebook`та пайда болгон катта көптөгөн графикалык мүчүлүштүктөр бар, ошого карап эле көчүрмө жасалма деген жыйынтыкка келүүгө болот. Мындай манипуляция бизди жана башкаларды жолдон адаштырбашы керек, буга алагды болуу - утулууга алып келет", - дешти активисттер.

Соцтармакка жарыяланган документ фейк экенин төмөнкү учурлардан байкоого болот:

  • Каталардын деңгээли: Сүрөттүн ар кандай аймактарында каталардын деңгээлдери түзөтүү киргендигин көрсөтүшү мүмкүн. Эгер, түзөтүүлөр киргизилбесе каталардын деңгээли бирдей болмок.
  • Белгиленген аймактар: ELA картасындагы түстүү белгилер ​​каталардын деңгээли жогору экенин көрсөтөт. Эгер, кээ бир аймактардын түсү ​​көбүрөөк өзгөчөлөнсө, бул өзгөртүүлөрдүн же кийинчерээк оңдолгонун билдириши мүмкүн.
  • Контурлар жана чектер: ELA картасындагы контурлар жана чектер сүрөттөгү объекттердин жасалма же түзөтүлгөнүн көрсөтүшү мүмкүн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16807