Нарындагы 3 жашар баланын өлүмү. Министр окуя боюнча комментарий берди
RU

Нарындагы 3 жашар баланын өлүмү. Министр окуя боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Нарында чарчап калган 3 жашар баланын өлүмү боюнча комментарий берди.

Бейшеналиев бүгүн, 29-июлда 2024-жылдын жарым жылдык отчётунда бул окуя анын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

"Факты боюнча комиссия түзүлүп, иш боюнча бардык жагдайлар иликтенип жатат. Эмдөө алганга чейин балада башка кошумча оорулар бар экени аныкталган. Комиссиянын иши аяктагандан кийин баланын өлүмүнүн вакцинага тиешеси бар же жогун айта алабыз", - деди министр.

Эске салсак, 16-июлда Нарын шаарында үч жашар бала эмдөө алган каза болгону айтылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган. Каза болгон баланын ата-энеси дарыгерлер шалаакылык кылышкан деп эсептешет. Бул окуя боюнча млиция кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Республикалык иммунопрофилактика борбору колдонулган вакцинанын сапаты ишенимдүү экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16802