Президент элчиликтерге кеңсе, батирлерди сатып алуу боюнча комментарий берди
RU

Президент элчиликтерге кеңсе, батирлерди сатып алуу боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди.

Өлкө башчы буга чейин Париждеги Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты менен таанышып жатып, мамлекет дүйнө жүзүндөгү дипмиссиялар үчүн имаратты, батирлерди сатып берерин айткан.

"Ошол ижарага алып келген кеңселер, ижарага алып жашап жүрүшкөн батирлер казынага оорчулук келтирип келген.

Бир эле мисал келтирейин. Калгандары баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир.

Эгерде, тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр.

Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз", - дейт президент.

Кыргызстандын 30 өлкөдө элчиликтери, 11 өлкөдө консулдуктары, БУУда өкүлчүлүгү бар. Садыр Жапаров белгилегендей, ар бир элчиликт 6-7ден көп кызматкер иштейт. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет.

"Ошондуктан бир жолу сатып берип койсок, ал батирлер менен кеңселер түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп кала берет.Эбегейсиз суммадагы акчаларыбыз үнөм болот. Коммуналдык төлөмдөрдү төлөп коюп, кызматкерлерибиз жашай беришет.

Чет өлкөдө буга чейин үч эле өлкөдө өзүбүздүн кеңсебиз бар экен.Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр.Үчүнчүсү Москвада. Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат.

Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек.

Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем. Азыр иштер жүрүп жатат. Бардык өкүлчүлүктөргө кеңселик жай, батир сатып берип жатабыз", - деп түшүндүрдү Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16800