Кемин районунда чиркөөнүн терезесин талкалаган адам аныкталды
RU

Кемин районунда чиркөөнүн терезесин талкалаган адам аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан чиркөөнүн терезелерин белгисиз адамдар сындырып кетишкен. Жергиликтүү тургундун арызынан кийин милиция шектүүнү кармады.

Чүй ОИИББден кабарлашкандай, 24-июлда Кемин РИИБине Кемин шаарынын 1963-жылы туулган П.Л. аттуу тургуну кайрылып, чиркөөнүн терезелерин талкалап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кемин РИИБине катталып, 280-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө ушундай эле арыз менен дагы 3 жаран кайрылган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1977-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кемин районунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, район аймагында улуттар аралык чыр-чатак жана башка диний пикир келишпестик фактылары аныкталган жок дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16795