Кара-Суу районунун акими кармалды
RU

Кара-Суу районунун акими кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалды. Ал жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланыштуу кармалганын Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, 22-июлда Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы жайыт жерлрди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүүгө байланыштуу аким Темирболот Абыкеев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакыртылган.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөргөн жыйында Кара-Суу районундагы жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткенин айткан.

Эске салсак, 2024-жылдын 24-июнунда ОшТВнын журналисттери Кожокелең айылында тойдо жүргөн Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевди жана анын кол алдындагыларды видеого тартып алышкан. Чиновник журналисттердин телефондорун жана камерасын күч менен тартып алып, буттарын сындыра турганын айтып коркуткан. 30-июнда блогер Гүлпери Жанышбек кызы кармалган, ал камакка алынганга чейин Темирболот Абыкеев тузак даярдап жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16749