Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин бир тууганы да кармалды
RU

Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин бир тууганы да кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков менен бир тууганы Тариэль да кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Биринчи Май райондук сотунан маалымдашкандай, соттун 8-июлдагы чечими менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, Тариэль Сабырбеков 3-августка чейин камакка алынды.

Белгилесек, Афтандил Сабырбековго жана аны менен кошо кармалган Suzie Wong клубунун арт-директоруна карата "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, Афтандил Сабырбеков 5-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын жасап, тараткан деген шек менен кармалган. Биринчи Май райондук сотунун 6-июлдагы чечими менен Сабырбеков 3-августка чейин СИЗОго киргизилген.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лазат Нуркожреванын жигити ырасында эле укук коргоо органдары тарабынан кармалганын ЖМКга тастыктап, "жигиттин башкы максаты - өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды ("крыша") табуу болгон", деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16616