Ысык-Көлдө чагылган түшүп, 250 кой кырылып калды. Сүрөт
RU

Ысык-Көлдө чагылган түшүп, 250 кой кырылып калды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган бир короо койго тийип, мал кырылды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Такталгандай, Жазы-Кечүү жайлоосунда 7-июлда саат 17:00дөр чамасында чагылган түшкөн. Анын кесепетинен 250 баш кой өлгөн. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы менен ӨКМнын кызматкерлери тактоо иштерин улантууда.

Суу чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиргендей, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери жана жайыт комитетинин өкүлдөрү комиссия түзүштү. Учурда ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык тапшырмалар берилип, өлгөн малды көмүү жана дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16579