Кытайда торнадо беш адамдын өмүрүн алды (видео)
RU

Кытайда торнадо беш адамдын өмүрүн алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Шаньдун провинциясында болгон торнадодон 5 адам каза болуп, 83 адам жаракат алганын Синьхуа агенттиги кабарлады.

Жума күнү түштөн кийин Торнадо Хэжие шаарындагы Дунмин жана Жуанчэн уездерин каптады. Табигый кырсыктын кесепетинен 88 адам жабыркап, алардын бешөө дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, торнадо 2820 имаратты жана 48 электр чубалгысын жарактан чыгарган. Кырсыктан 4060 гектарга жакын айыл чарба жерлери да жабыркады.

Ыкчам оңдоо иштеринен кийин транспорттук байланыштар, суу жана электр энергиясы калыбына келтирилди.

Улуттук климаттык борбордун маалыматы боюнча, Шаньдун провинциясында жыл сайын орто эсеп менен 1,5 торнадо болуп турат

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16574