Аскадан секирген адамдын өлүмү. Fly Jump комплексинин ээси кармалды
RU

Аскадан секирген адамдын өлүмү. Fly Jump комплексинин ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чуңкурчактагы трагедиядан кийин Fly Jump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилесек, 6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Fly Jump спорт комплексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кеткен. Анын кесепетинен 1985-жылы туулган Б.А. окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты Аламүдүн РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.

Топтолгон материалдардын жана маркумдун жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча "Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 1996-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16565