УКМК: Өлкөдө 31-августта бийликти күч менен басып алууну пландашкан
RU

УКМК: Өлкөдө 31-августта бийликти күч менен басып алууну пландашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан буга чейин бийликти басып алууну пландаган деген шек менен бир нече адам кармалган. Коопсуздук комитеттен деструктивдүү топтун аракеттери боюнча кошумча маалымат таратты.

Андагы маалыматта "белгилүү бир деструктивдүү топ саясий күчтөрдүн таасири астында Бишкек шаарынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу жолу менен бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашырууну пландаган" деп айтылат.

"Алар ушул жылдын 31-августунда Бишкек шаарына жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан.

Элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына алып барып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Мындан тышкары ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан", - дешет УКМКдан.

Комитеттин маалыматы боюнча, кылмыштуу топ ушул жылдын башынан бери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп, республиканын айрым аймактарында деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн "смотрящийлер" делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Бул фактынын негизинде К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. кармалып, 21-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16563