Кондиционери бар. Бишкектен "Манас" аэропортуна чейин экспресс автобустар каттап баштайт
RU

Кондиционери бар. Бишкектен "Манас" аэропортуна чейин экспресс автобустар каттап баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана "Манас" эл аралык аэропортунда жайгашат.

Каттамды Isuzu үлгүсүндөгү 12 метрлик, 3 эшиктүү, заманбап 17 автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.

Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт.

Буга байланыштуу тариф дагы башкача, жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом.

Белгилей кетсек, каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16561