УКМК: Чет элдик экстремисттер кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алышкан
RU

УКМК: Чет элдик экстремисттер кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда расмий документтерди даярдоо жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарга расмий иш кагаздары системалуу түрдө даярдалып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алып, өлкө аймагында мыйзамдаштырылган факты аныкталды.

2-июлда 379-берененин 1-бөлүгү (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргыз Республикасынын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынды. Мындан тышкары "Хизб -ут-тахрир" диний-экстремисттик уюмдун материалдары жана баракчалары табылды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө органдары тарабынан паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16549