13 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аэропорттон кармалды
RU

13 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аэропорттон кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда "Издөө" ыкчам операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 9 жаран кармалды. Андан тышкары дайынсыз жоголгон 6 жарандын жүргөн жерлери аныкталып, мурда жасалган 5 кылмыштын бети ачылды дешет облустук милициядан.

Рейддин жүрүшүндө 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран колго түшүрүлдү. Ал облустук милиция тарабынан бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана документтерди жасалмалоо үчүн изделип жүргөн.

Жогорудагы кылмыштарга шектелген жаран чет өлкөнүн аймагында башка бирөөнүн фамилиясын колдонуп, жашырынып жүргөн. Бул шектүүнү өз убагында кармоо ишин татаалдаштырган. Изделип жаткан Э.А. Кыргызстандан башка бирөөнүн аты менен кайрадан чыгып бара жатканда "Манас" аэропортунан кармалган.

Шектүү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда анын кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16459