Кыргызстанда 2023-жылы ажырашкандардын саны 12 миңден ашкан
RU

Кыргызстанда 2023-жылы ажырашкандардын саны 12 миңден ашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2023-жылдын аягында 12,6 миң ажырашуу катталган. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ошол эле жылы Кыргызстанда 45,5 миң түгөй никелерин каттоодон өткөрүшкөн. Анын ичинен 32,4 миңи айыл жергесинде, 13,1 миңи шаарларда катталган.

Жалпысынан 2023-жылы өлкөнүн тургундарынын саны 7 миллион 162 миң адамга жеткен. Алардын 65% айылдарда, 35% шаарларда жашайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: gov.uz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16415