Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айжандын жакындары: Өлүм жазасын киргизүү керек!
RU

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айжандын жакындары: Өлүм жазасын киргизүү керек!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айжандын иши Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Соттун алдында маркумдун жакындары райондук соттун алдында акция өткөрүп, шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышты.

Айжандын апасы бийликке, сот органдарына кайрылып, акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.

"Кызым кара жерди жамынып жатканда өлтүргөн адам тирүү болушу керекпи?"

Роза Жекшенова мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айжандын апасы. Ал кызынын өлүмү боюнча чогултулган материалдар сотко өткөнүнө 1,5 ай болгонун, бирок андан бери иш жылбай жатканын айтат.

Соттун ачык өтүүсүн талап кылган эне кылмыш кылгандарга татыктуу жаза колдонулсун дейт.

"Кызым Германияга кетем деп жатканда ушул маньяк жолуга калып, түбүнө жетип отурат. Биз ал кишиге өлүм жазасын сурап жатабыз. Менин чолпондой болгон кызым кара жерди жамынып жатканда, өлтүргөн адам тирүү болушу керекпи? Анын жаны таттуу экенби? Анын апасынын акчасы бардык сотторду сатып алганга жетет бекен?! Биз өлүм жазасын талап кылабыз. Бул менин эле эмес, бардык кыргыз энелеринин талабы", - деди Жекшенова.

"Соттон айыпталуучуну өмүр бою ажыратууну сурайбыз"

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Такен Молдокулов сот эми башталганын айтат.

"Буга чейинки судья эмгек өргүүгө кеткендиктен ишти кароо башка судьяга өткөрүлдү. Бул иш боюнча айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен айып коюлган. Бул оор кылмыштардын катарына кирет. Кылмыш ишинде санкция боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Биз мындай окуялар кайталанбасын деп, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну сурайбыз", - дейт жакточу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16412