"Бизнестеги аялдар" программасынын төртүнчү сезону башталды
RU

"Бизнестеги аялдар" программасынын төртүнчү сезону башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы "Бизнестеги аялдар" ментордук программасынын төртүнчү сезону башталганын жарыялайт.

Программа Кыргызстандагы аялдар ишкерлигин өнүктүрүүгө багытталган. Ага катышуу үчүн тажрыйбасын, иш көндүмдөрүн бөлүшүүгө даяр жана ментилерди максатка жетүүгө шыктандыра алган тажрыйбалуу ишкерлер чакырылат. Бул жолу дагы өткөн сезондогудай эле Кыргызстандан, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнөн мыкты менторлор тандалып алынат.

Катышуучулар жети ай аралыгында насаатчылардын колдоосу менен өндүрүштү кеңейтет жана жаңы рынокторго чыгат, жаңы жумушчу орундарды түзүшөт жана экономикага өз салымын көбөйтөт. Программада окуу акысыз.

Анкетаны шилтеме боюнча толтурууга болот - кайрылууларды кабыл алуунун акыркы күнү - 2024-жылдын 14-июлу.

Маалымдама

ЕРӨБдүн "Бизнестеги аялдар" программасы Cherie Blair Foundation for Women менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда жана #WeFi Ишкер-аялдар үчүн финансылык демилгелер жана Швейцария өкмөтү тарабынан ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду аркылуу колдоого алынат (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ЕРӨБ жана АКШнын ТайванБизнес-Фонд техникалык кызматташтыгы).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16400