Кошуласызбы? Кыргызстан интернет ылдамдыгы боюнча позициясын жакшыртты (дүйнөлүк рейтинг)
RU

Кошуласызбы? Кыргызстан интернет ылдамдыгы боюнча позициясын жакшыртты (дүйнөлүк рейтинг)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда май айында мобилдик жана чексиз интернеттин ылдамдыгы кыйла жакшырды. Бул туурасында Speedtest Global Index дүйнөлүк рейтингинде айтылат.

Апрель айына салыштырмалуу Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 16 позицияга көтөрүлүп, 74-орунга чыкты. Орточо жүктөө ылдамдыгы секундасына 37,21 Мбитке жеткен.

Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын ноябрында Кыргызстанда мобилдик интернеттин орточо жүктөө ылдамдыгы секундасына 25,47 Мбитти түзгөн.

Туруктуу интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан 89-орунду ээлеп, апрель айына салыштырмалуу алты позицияга жогорулады. Орточо жүктөө ылдамдыгы секундасына 65,26 Мбитти түздү.

Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөр Катар, БАЭ жана Кувейт. Эң начары Афганистан, Йемен жана Куба. Эң ылдам чексиз интернет Сингапурда, Гонконгдо (Кытай) жана Чилиде болсо, ылдамдыгы боюнча эң жай интернет Сирия, Афганистан жана Кубада.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: afanasy.biz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16399