Аламүдүндө 2 жылдан бери мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды
RU

Аламүдүндө 2 жылдан бери мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, медресе 2 жылдан бери мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн.

Кабарлангандай, жүргүзүлүп жаткан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө медресе диний ишмердүүлүктү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдардан каттоодон өткөрбөй жүргүзгөн.

УКМК аталган медресенин ишмердүүлүгү боюнча ведомстволор аралык (УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Санитардык-эпидемиологиялык борбор) жумушчу комиссия тарабынан комплекстүү текшерүү демилгесин көтөргөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу аркылуу дин жана билим берүү тармагында архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормаларды бузуу катталган.

Аталган медресени салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы Ж.У. уюштуруп, 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келгени такталды. Текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок, жашы жете элек 33 бала билим алып жаткандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп, медресеге мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлдү.

УКМК жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, буга байланыштуу ар кандай салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатканын белгилейт. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун (каттоосу, уруксат кагаздары жана лицензиялары, окуу планы ж.б. бар) текшерүүнү сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16369