"Аккула" ипподромунда чагылгандан каза болгон атчан адамдын окуясы иликтенет
RU

"Аккула" ипподромунда чагылгандан каза болгон атчан адамдын окуясы иликтенет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы мурдагы "Аккула" ипподромунда чагылган түшүп каза болгон жаран боюнча маалымат берди.

Белгилесек, 12-июнда чагылган түшүп, минип бараткан аты менен каза болгон кишинин окуясы Ленин РИИБи тарабынан каттоого алынып, тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Борбор калаа башкармалыгынан белгилешкендей, бүгүнкү күндө ипподромдун аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткен.

"Бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат. Муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан жеке адамдар өз билемдик менен аттарды үйрөтүү, сейилдетүү жана башка аракеттерд жасап келишет. Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет", - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16362