Сүлүктү шаардык кеңешинин спикери кармалды
RU

Сүлүктү шаардык кеңешинин спикери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы, "Тазасууканал" ишканасынын мурдагы жетекчиси Мырзаулук Кутпидинов кармалды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

11-июнда Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан Сүлүктү шаарындагы "Тазасууканал" муниципиалдык ишканасынын жалпы чарбалык ишмердүүлүгүнүн үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Сүлүктү ШИИБдин тергөө кызматы кылмыш ишин тергеп, 337-берене (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-берене (Кызматтык жасалмачылык) жана 210-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен Сүлүктү шаарындагы "Тазасууканал" ишканасынын мурдагы жооптуу жетекчиси 28 жаштагы К.М. мамлекетке жалпы 161 259 сом зыян келиргени такталган.

Учурда кылмышка шектүү К.М. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16352