Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме
RU

Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте маршруттук таксилерди борбордук көчөлөрдөн чыгаруу уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Ч.Айтматов жана Манас проспектилеринен кичи автобустарды багыттоо иштери жүргүзүлдү.

Бул коомдук транспорттордун кыймылын оптималдаштыруу жана борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

Буга ылайык, төмөнкү маршруттук таксилер альтернативалык көчөлөргө багытталды:

Эми бул жол менен жүргөн 15 каттамдагы кичи автобустар (№101, 104, 106, 118, 132, 148, 176, 188, 200, 203, 204, 215, 265, 266, 295) сүрөттөрдө көрсөтүлгөн схема боюнча каттайт.

Кыймыл чиймеси өзгөргөн маршруттук каттамдар:

  • №101 – Бакаев көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү, Медеров көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Айни көчөсү, Бакаева көчөсү андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №104 – Абрахманов көчөсү, Токомбаев көчөсү, Ж.Пудовкин көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Каралаев көчөсү, Ахунбаев көчөсү, 7-апрель көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен каттайт;
  • №106 - Жунусалиев көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №118 - Асаналиев көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №132 – Киев көчөсү, Логвиненко көчөсү, Кулатов көчөсү, Панфилов көчөсү, Медеров көчөсү, Абай көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Ж.Пудовкин көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №148 - Бакаев көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №188 – Асаналиев көчөсү, Кулиев көчөсү, Москва көчөсү, Т.Молдо көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №203 - Асаналиев көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Киев көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет.
  • №204 - Бакаев көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №215 – Бакаев көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү, Ахунбаев көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №266 – Садырбаев көчөсү, Масалиев көчөсү, Тыналиев көчөсү, Асаналиев көчөсү , Москва көчөсү, Бейшеналиева көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №176 – Киев көчөсү, Турсбеков көчөсү, Ж.Жолу проспектиси, Үмөталиев көчөсү;
  • №200 - Асаналиев көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү;
  • №265 – Садырбаев көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул көчөсү, Бейшеналиева көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет;
  • №295 – Садырбаев көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул көчөсү, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана андан ары бекитилген кыймыл чиймеси менен кетет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16293