Аял болуу коркунучтуу болуп калдыбы? Гендердик зомбулукту кантип азайтуу керек
RU

Аял болуу коркунучтуу болуп калдыбы? Гендердик зомбулукту кантип азайтуу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-апрелден 4-апрелге караган түнү бычактан алган жаракатынан улам аял каза болду. Аны мурдагы күйөөсү өлтүргөнүн мойнуна алды. Шектүү милицияга кайрылып, мурдагы аялын ачуусуна тийгени үчүн өлтүргөнүн айткан. Ал ажырашып кеткен аялына түнү барып, кайтарууга аракет кылган, бирок ал макул болгон эмес.

4-апрелде дагы бир окуя катталды: Аялды балка менен сабап өлтүрүп, андан соң анын жансыз денеси үйдүн ашканасында 10 күн кармап турган. Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн аялдын таанышы аныкталды.

Бул каргашалуу окуялар Кыргызстанда бир жуманын ичинде эле болду. Тилекке каршы, өлкөдө зордук-зомбулук коркунучтуу деңгээлге жетти.

Маалымдама:

Кыргызстан 2023-жылга карата аялдардын тынчтык жана коопсуздук глобалдык индексинде 177 орундун ичинен 95-орунду ээледи. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң начар көрсөткүч. Салыштыруу үчүн: Түркмөнстан 58-орунда, Казакстан 70-орунда, Тажикстан 90-орунда, Өзбекстан 94-орунда турат. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 97-орунду ээлеген. Анда изилдөө 170 өлкөдө жүргүзүлгөн.

"Кыргызстанда аялдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан, адам сатуудан жана физикалык же сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрүнөн жапа чегүүдө. Мындан тышкары, көбүнчө диний каада-салт катары туура эмес чечмеленген социалдык-маданий практиканын айрым түрлөрүнөн улам, аялдар өз жашоосун өз алдынча башкаруу укугун чектеп жатат", - деп, БУУнун Аялдар программасынын адистери кооптонуп жатышат.

***

Индира (аты өзгөртүлдү) жолдошу менен 14 жыл жашап, төрт уул төрөп, райондук мыкты мектептердин биринде эмгектенген. Ал ошол эле учурда күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдаган. Ал түнкү саат 10дон үчкө чейин сабагандан кийин гана жодошунан кетүүнү чечкен. Күйөөсү аны сабаганы менен эле чектелбей, аялын жылаңач кылып көчөгө чыгарып, кыйкырган: "Бул үйдө сенин эч нерсең жок! Баланы ит деле тууй алат. Баарына өзүң күнөөлүүсүң! Кийинки жолу көзүңдү оюп, колу-бутуңду жулам! Мен сени өлтүрүп коюшум да мүмкүн!"

Сотто эркек киши аялынан алимент өндүрүп берүүнү талап кылган. Жабырлануучунун күйөөсү жана анын жакындары (апасы менен карындашы) бир жылдан ашык убакыттан бери аялга балдарын көрсөтпөй, энелик укугунан ажыратабыз деп коркутууда.

***

Каныкейдин экинчи күйөөсү (аты өзгөртүлдү) аракеч болуп чыккан.

"Ал (зөөкүр) тиран эмес болчу. Жалпы, жаман адам эмес болчу. Мен аны куткарып алам го деп ойлочумун. Жаңы жылда биз чогуу анын 70 жаштагы апасыныкына бардык. Ал жерде анын достору жана күйөөмдүн эжеси бар болчу. Сөз болуп кетип, мен сиздин уулуңуз менен жашагым келбей, себеби ал аракеч дедим. Муну уккан кайненем мени катуу урганда, отурган отургучтан кулап кеттим. Ошондон кийин мени сабап башташты. А мен бала эмизип жүргөн маал болчу. Жанымда алты айлык кызым айланып жүрөт... Бактыга жараша ошол маалда улуу балам чалып калды. Анан негедир мага келиши керек экенин түшүндү... Кыскасы, мен оорукананын жандандыруучу бөлүмүнөн эсиме келдим. Мурду сынып, мээм катуу чайкалып, денем шишиктерге толуп калыптыр... Азыр маммологдун каттоосунда турам, анткени эмчегимде шишик пайда болду. Азырынча, залалсыз", - дейт ал.

***

Алтынай (аты өзгөртүлдү) 23 жашта болчу. Эрте турмушка чыгып, эки бала төрөгөн. Алар кайнатасы жана кайненеси менен бир бөлмөлүү батирде жашашчу. Күйөөсү жумушка кеткенде, ал кайната менен кайненесине кызмат кылчу. Ал эми жолдошу суткалап үйгө келчу эмес. Жумуштарым бүтпөй жатат деп койчу. Кийин Алтынай күйөөсү анын көзүнө чөп салып жүргөнүн билген.

Түнкүсүн кайда кеткенин сураганда күйөөсү аны башкарууга укугуң жок деп сабап салган. Алтынай балдарга бир нече үн (аудио) билдирүү калтырып, короого чыгып, асынып алган.

Аялдын күйөөсү шарттуу түрдө кесилген. Бирок балдар аны менен калган. Ал балдарына Алтынайдын ата-энеси менен жолугууга, көрүүшүүгө уруксат бербейт.

***

Милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенконун айтымында, кырдаалды өзгөртүлгүс катуу жаза гана оңдой алат. Кылмышкер жазасын сөзсүз алаарын жана андан кутулуу мүмкүн болбойт экенин так түшүнүшү керек.

"Жазанын маңызы анын ырайымсыздыгында эмес, анын бул жазадан кутулбай турганында. Ушуга чейин бир да мамлекет мындай жазанын 100 пайызын камсыздай алган жок. Бирок, ага карабастан биздин система жакшы иштеши керек. Дагы деле мыйзамдарда кемчиликтер бар. Биздин коом үй-бүлөдөгү зомбулукка карата абдан катуу жана так, даана чектерди белгилеши зарыл. Биз бул көрүнүшкө чыдамкайлык менен карабашыбыз керек", - дейт Зеличенко.

Экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматова бийлик аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликтин сөзсүз болушун камсыз кылышы керек деп эсептейт.

"Бийлик тааныш табуу, тил табышуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, сотко же жабырлануучуга пара берүү сыяктуу тамыры терең көрүнүштөрдү колдобой турганын сөз менен да, иш менен да такай көрсөтүп, муну менен ишти кыскартуу, анча оор эмес деп кайра квалификациялоону же такыр жаап салууга болбой турганын чагылдырып турушу абзел. Ар бир адам аялдардын укуктарынын бузулушу үчүн керектүү жаза алаарын түшүнүшү керек. Ар бир кыз, ар бир аял мамлекет жана аткаминерлер тарабынан корголгондугун сезиши залыр, тескерисинче эмес", - деп баса белгиледи акыйкатчы.

Маалымдама:

2022-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Министрлер кабинетинин Кыргызстандын Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын аткарылышы боюнча расмий отчетун караганга чейин Атыр Абдрахматова (ал кезде өлкөнүн Акыйкатчысы) БУУга альтернативдүү баяндама тапшырган. Анын БУУга кайрылуусунун маңызы мамлекет аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн жазанын сөзсүз түрдө сакталышы камсыздалбагандыгына байланыштуу болгон.

Өз кезегинде укук коргоо органдары өз ыйгарым укуктарынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүп жатканын айтышууда.

"Жабырлануучулар арыз жазып, алгач иштерге активдүү катышышат", - дейт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Кайрат Иманалиев. - Андан кийин биз аларды соттук-медициналык экспертизага жөнөтөбүз, тергөө иш-чараларын жүргүзөбүз. Бирок, жабырлануучулар соттук-медициналык экспертизага жолдомо алаары менен эмнегедир ар кандай себептер менен өтпөй коюшат. Биз жабырлануучулар эмне себептен баш тартып жатканын тактаганыбызда, алардын жакындары жана коомчулуктун пикири үчүн экени белгилүү болду. Жыйынтыгында ден-соолукка келтирилген зыянды аныктоо мүмкүн эмес болуп жатат. Ошондой эле тосмо азыр да жазышат".

Эксперттер аялдар бир нече себептерден улам тосом арыз жазышат деп эсептешет. Анын ичинде система жана процесс боюнча маалыматтын жетишсиздиги.

"Зордук-зомбулукка кабылган аялдар чындыгында бир нече жолу зордук-зомбулукка кабылышат. Эң оболу бул фактынын өзү, кийин арыз жазышты. Бул да абдан чоң сыноо. Андан соң сурак башталат. Бүтпөгөн сурактар. Иш козгошот, козгошпойт, тирешүүлөр, түгөнбөгөн экспертизалар..." – дейт "Жарандык союз" коомдук уюмунун гендердик зомбулуктун курмандыктары менен иштөө боюнча координатору Галина Давлетбаева.

Мурдагы күйөөсүнүн абдан чоң жапа чеккен Асел Ногойбаева да үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына укук коргоо органдары көңүл бурбай койгон учурлар көп деп эсептейт.

"Бизде кандай ойлонушат: алар бир үй-бүлө да, бүгүн урушат, эртең элдешип алышат". Бирок аял күрөшө албайт экенин, коркуп, эмне кыларын билбей турганын билүү абзел. Бизде алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлбөйт", - дейт Асель. - Мүмкүн бул мыйзамда каралгандыр, бирок иш жүзүндө ал аткарылбай жатат. Мисалы, зомбулукка кабылган аялга коргоо ордери берилет. Бирок мен үчүн бул жөн эле кагаз болуп калды, анткени мага эч нерсе түшүндүрүп беришкен эмес. Жакында эле интернеттен милиция кызматкерлери зордук-зомбулук катталган үй-бүлөлөрдү кыдырып, текшерип жатканын көрдүм. Чынын айтсам, мындай окуяны ошондо биринчи жолу көрүшүм. Укук коргоо органдары өз ишин так аткарып, ушундай көйгөйлөргө көңүл бурса, зордук-зомбулук азаят. Кээ бир зордукчулар бир эскертүүдөн кийин эле түшүнүшөт. Айрымдары түшүнбөйт, адегенде аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек, эгер алар дагы кайталаса чоң суммадагы айыпка жыгып, андан кийин камаш керек. Зордук-зомбулук көрсөткөн адам менен психолог иштеши зарыл. Анткени жаза көргөн зордукчу ого бетер агрессивдүү болуп калат. Үйгө кайтып келип, сен үчүн жазаландым деп аялын дагы урат. Жолдошум мени майып кылгандан кийин мага мамлекеттик күзөтчү дайындашты. Эки милиция кайтарып жүрдү. Менде суроо жаралат: Мен кыйноого кабыла элекке чейин мамлекет коопсуздукту камсыз кылса болот беле? Эгер мамлекет чындап эле жазалап, укук коргоо органдары алдын алуу менен алектенсе, зордук-зомбулуктар азаят".

Талдоочулар көңүлдү дагы бир көйгөйгө бурушат: Үй-бүлөдө зордук-зомбулук кылган адам көп учурда шарттуу түрдө соттолот, же айып пул төлөйт же коомдук жумуштарга тартылуу менен эле кутулуп кетет.

"Сезим" кризистик борборунун практикасынан бир окуя. Бир киши аялын өлтүрүп сала жаздаган. Аны коомдук жумушка тартышкан - көчө шыпырышы керек эле. Ал аялын (зордук-зомбулукка кабылган) алып келип: "Эми сен мурдуң менен тазалайсың, анткени мен сенин айыңдан шыпырышым керек болсо", - дейт. Жанында башка кишилер бар экен, ал аларга акча сунуштап, анын ордуна башка бирөөлөр акча шыпырчу.

"Үй-бүлөдөгү зомбулук 2017-жылдан бери кодексте өзүнчө мыйзам бузуу болуп саналат. Бирок ал жерде жосунсуз жорук катары каралат. Тагыраагы, таштандыны туура эмес жерге ыргытып жибергендей аракет. Мына ушундай 60 миң сомго чейин айып пул каралган мыйзам бузуу, - деп түшүндүрөт жактоочу Есения Рамазанова. - Демек, зордук-зомбулук көргөзгөн адам бул айыпты жалпы үй-бүлөлүк акчадан төлөп жатат да. Аны төлөп, аялына кайра көтөрөт. Себеби, ал аялынын айынан акчасыз калдык дейт. Ал эми 2021-жылдагы түзөтүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук Кылмыш-жаза кодексине киргизилген. Анда эркинен ажыратуу каралган".

Бирок азыркы мыйзамдар жазаны гумандаштырууга багытталган.

"Ошондуктан, соттор жазанын эң жеңил түрүн тандап алууга укуктуу, ал тургай, милдеттүү түрдө да", - дейт Есения Рамазанова. - Дал ошол себептен көп учурда зордукчулдарга пробация колдонулат. Соттор мыйзам чегинде иш алып барышат".

Есения Рамазанова зомбулук бир нече жолу катталса, пробация колдонулбайт деп түшүндүрөт.

"Ошондуктан, мен аялдарды чыдап жүрө бербей, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырам", - дейт Рамазанова. - Азыр жазып, экспертизадан өтүп, алардын ар бири катталышы кере. Бул дагы жазаны күчөтүүгө, "Кыйноо" беренесин колдонууга негиз болуп саналат.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Кайрат Иманалиев да үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар милицияга кайрылуусу керектигин баса белгилейт.

"Зордук-зомбулук фактысы бир нече жолу катталса, ал тургай жабырлануучу тосмо арыз жаза берсе да, кыйноо боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексинин 138-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө алабыз", - деди Иманалиев. - Биз бул менен эмне себептен улам үй-бүлөлүк зомбулук кайталанып жатканын билебиз. Биз иш козгогондо, жабырлануучуунун макулдугу керек болот. Бирок бул учурда биз жабырлануучу тараптын биринчи уруксаты менен пайдалансак болот.

Милиция кызматкерлери жана юристтер зордук-зомбулукка кабылган аялдарды кризистик борборлорго жана массалык маалымат каражаттарына кайрылууга чакырат.

"Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам азыр Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жакшы иштеп жатат. Бекер колдоо ала турган чекиттер ачылды. Жарандык иштер боюнча дагы. Буга ажырашуу, алимент өндүрүү жана баланын жашаган жерин аныктоо кирет", - деп түшүндүрөт Галина Давлетбаева.

Асел Ногойбаева дагы аялдарды кордук, зордук-зомбулукка чыдабоого чакырат.

"Менин окуям – бул Кыргызстандагы жүз миңдеген аялдардын талкаланган тагдырынын баяны. Зомдулук көрсөткөн бардык күнөлүүлөрдү жазаламайынча мындай окуялар кыскарбайт, улана берет. Чыдап жүрө бербегиле, бир жолу урса деле балдар үчүн деп жашап жүрө бербегиле. Эжелер жана сиңдилер, өз укугуңарды коргогула, жашоого, ден соолукка, саламаттыкка болгон укугуңарды коргогула!",-деп чакырды Ногойбаева.

Зордук-зомбулукка туш болсоңуз, эмне кылуу керек

"Сезим" кризистик борбору эскертет: үй-бүлөлүк зомбулуктур ар кандай түрү болушу мүмкүн. Кээде үй-бүлөлүк зомбулук өмүргө жана ден-соолукка чын эле коркунуч туудурушу мүмкүн. Көптөгөн аялдар бир жолу болгон зомбулук экинчи кайталанбайт деп эсептешет. Бирок практика көрсөткөндөй, бул андай эмес.

Үй-бүлөлүк же гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн эмне кылуу керек

Сөзсүз түрдө жардамга кайрылыңыз:

  • Милиция - 102;
  • Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишеним телефону – 112;
  • балдар үчүн ишеним телефону – 111;
  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы - 115;
  • "Сезим" кризистик борбору - 0312 31 64 66, 0551 31 64 66 (дүйшөмбү-жума, саат 09:00дөн 17:00гө чейин), ишеним телефону - 0312 51 26 40, 0501 51 26 40 (жумасына 7 күн: 08:00дөн баштап 20:00гө чейин).

Юридикалык жардамга кайрылыңыз (аны бекер алууга болот).

Юстиция министрлигинин ишеним телефону – 114.

Өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселери.

Жакындарыңызга айтыңыз.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп калганыңызды туугандарыңызга же жакын адамдарыңызга сөзсүз айтыңыз.

Дарыгерге кайрылыңыз.

Сизди текшерип, ур-токмок жегениңизди каттап кала турган медициналык адиске кайрылыңыз.

Эсиңизден чыгарбаңыз: эгер зордук-зомбулукка кабылсаңыз, анда бул сиздин күнөөңүз эмес. Зомбулук колдонуу же колдонбоо ар дайым агрессордун тандоосу, сизден көз каранды эмес. Бирок өзүңүздүн жана балдарыңыздын өмүрүн коопсуз кылуу үчүн жасай турган кадамдар бар.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен жарык көрдү. Kaktus.media басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16003