Зомбулук опурталдыгы жогору болгон кырдаал. Кыргызстанда майыптуулугу бар аялдардын абалы
RU

Зомбулук опурталдыгы жогору болгон кырдаал. Кыргызстанда майыптуулугу бар аялдардын абалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эксперттер Кыргызстанда майыптуулугу бар аялдар менен кыздардын зордук-зомбулукка кабылуу коркунучу жогору экенин белгилешет. Бул эмне менен байланыштуу жана кырдаалды кантип өзгөртүүгө болорун Kaktus.media`нын материалынан таанышыңыз.

Маалымдама

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) 2024-жылдын март айында жарыялаган аналитикалык кыскача баяндамада дүйнө жүзү боюнча майыптуулугу бар аялдар эң бир ырайымсыз катаал мамилеге дуушар болушат. Бирок, мындай фактылардын олуттуу бөлүгү зордук-зомбулук көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөлүк жана улуттук маалыматтарда категорияларга бөлүнбөйт. Мындан улам аталган уюм өлкөлөрдү майыптуулугу бар аялдардын абалын эске алууга, алардын өзгөчө муктаждыктарын изилдөөгө жана чечүүгө жардам берген маалыматтуу изилдөө ыкмаларын ишке ашырууга үндөйт.

Human Rights Watch уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда мыйзамдарда майыптуулугу бар аялдар менен кыздардын өзгөчө муктаждыктары эске алынбайт. Бул аларга карата зордук-зомбулук улана берет деген коркунучту калтыра берет.

***

Римманын (аты өзгөртүлдү) майыптуулугу экинчи топко туура келет. Өзү жарандык никеде жашаган, баласы бар. Аны жолдошу менен туугандары тааныштырышкан. Күйөөсү иштебей, алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарынан тарта физикалык зомбулук көрсөткөн. Римма ошого карабай үй жумуштарынын баарын жасап, күйөөсүнүн туугандарына кам көрчү. Келин күйөөсүн туулуп-өскөн айылынан Бишкекке көчүп келүүгө көндүрөт. 1 жашар баласын кайненесине калтырып кетет. Борбордон эч кандай шарты жок батирди ижарага алышат. Ал үй-бүлөсүн багуу үчүн жуугуч болуп иштесе, күйөөсү да курулуштарда жумушчу болуп иштей баштаган. Бирок жолдошу акчанын баарын ичимдикке жумшап, үйүндө чатак чыгарчу.

Бир жолу жолдошу Римманы түнү бою сабап, кордогон. Аял качып кетүүгө үлгүрүп, эжесинин үйүнө барган. Бирок күйөөсү аны ошол жерден таап, сабаганга аракет кылган. Римманын эжесинин кайнатасы дароо милицияга телефон чалган. Ошентип Римма "Сезим" кризистик борборуна келип калган.

Аталган борборго түшкөндө Римманын денесинде сыйрылган жерлери жана көгала тактары болгон. Ал абдан оор эмоционалдык абалда болчу. Кийинчерээк жергиликтүү бийликтин жардамы менен Римма баласын кайын журтунан алып, өз алдынча жашоо баштаган.

Бул окуя "Сезим" кризистик борборунан алынды.

***

Гендердик зомбулук фактыларынын канчасы майыптуулугу бар аялдар менен кыздарга карата жасалганы белгисиз. Анткени майыптуулугу бар адамдарга карата зомбулук боюнча расмий статистика жок. "Кыргызстандагы гендердик жана инклюзивдик өнүгүү: чакырыктар жана сунуштар" изилдөөсүндө айтылгандай, майыптуулук факторунун эске алынбагандыгы айсбергдин чокусун да көрүүгө мүмкүндүк бербейт. Укук коргоо органдарына кайрылган майыптуулугу бар аялдар менен кыздардын саны өтө аз.

Маалымдама

Аялдар гендердик зомбулуктун ар кандай формаларына дуушар болушат – физикалык, психологиялык, экономикалык, тоготпогондук, куугунтуктоо жана башка ушул сыяктуу. Мындай мамиле үй-бүлө ичинде да, сыртта да болот. Майыптуулугу бар аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү көбүнчө бири-бирин "коштойт", бири-бирине өтүп турат ("Кыргызстанда гендердик жана инклюзивдик өнүгүү: чакырыктар жана сунуштар" изилдөөсү).

Жабырлануучу көз каранды абалда болот

Майыптуулугу бар аялдар жана кыздар көбүнчө жакындары тарабынан зордук-зомбулукка кабылышат.

"Көбүнчө жабырлануучулар коомдон обочолонгондуктан, укуктарын билбегендиктен, алсыздыктан, көз карандылыктан жана басмырлоодон улам аларга жасалган зордук-зомбулук жөнүндө кабарлай алышпайт. Ал эми кылмыш кылгандар жазасыз каларын сезип, майыптуулугу бар аялдын же кыздын корголбогон абалынан пайдалангандыктан зордук-зомбулук кайталанып жатат", - деп белгиледи "Бир Дүйнө" укук коргоо кыймылынын өкүлү Лира Асылбек.

"Жалпысынан майыптуулугу бар аял кайсы жерде жашабасын, зордук-зомбулукка кабылса андан кутула албайт, бул абалдан качып, чыгып кете албайт. Анткени ал көп учурда өзү жашаган жерге же тигил же бул окуя орун алган жерге байланып калат. Мындан улам майыптуулугу бар аялга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн баары, тууган-уругу болобу (көбүнчө туугандары), таанышы болобу же чоочун адам болобу, аялдын качып кутула албай турганынан, балким айта да албай турганынан пайдаланышат. Толук көз каранды абал. Себеби ал кеткиси келген күндө дагы келип чыгышы мүмкүн болгон экинчи маселе бар – каражаттын жетишсиздиги. Бул дагы ойго салат. Анткени майыптуулугу бар аял кетсе да бара турган, жашай турган жери жок калат", - дейт "Назик Кыз" коомдук фондунун жетекчиси Укей Мураталиева.

Маалымдама

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылга карата Кыргызстандын социалдык коргоо тутумунда 212 миңден ашык майыптуулугу бар адам катталган. Анын ичинен Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 47%га жакынын аялдар жана кыздар түзөт.

Кыргызстанда майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алгандардын саны көбөйдү2007-2021-жылдар

"Жарандар "зомбулукка кабылган аялдар үчүн кризистик борборлор бар го?" деши мүмкүн. Бирок биз айта кетишибиз керек, майыптуулугу бар аялдарга ар тараптуу иштелип чыккан жеткиликтүү шарттар керек. Ал эмне? Тактап айтканда, эгерде майыптуулугу бар аял же эркек белгилүү бир шарттарда жашаса, гигиенадан баштап, тамактанууга чейинки негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн толук мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Кайра эле, эгер биз зомбулукка кабылган майыптуулугу бар аялды психологиялык жактан колдойлу десек, анда бул колдоо стандарттуу болбошу керек: майыптуулугу бар аялдын жалпы өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнүү үчүн атайын даярдыктан өткөн адис болуш керек", - деп кошумчалады ал.

Мураталиеванын айтымында, учурда майыптуулугу бар аялдарды колдоо боюнча республикада жалгыз эле "Бишкек" кризистик борбору иштейт.

Мындан тышкары кандайдыр бир окуя болгондо баары эле тиешелүү жактарга барып, башынан өткөнүн айта бербейт.

"Жаман аракеттер туугандары тарабынан жасалса жабырлануучуга абдан кыйын болот. Бул башкаларга кандай көрүнөт? Алар тууганы, үй-бүлөсү, кам көргөндөр жакындары болушу мүмкүн. А чынында эмне болуп жатат? Бул башка суроо. Эгер зордук-зомбулукка кабылган адам окуяны айтып чыкса, анда ага ар кандай басым болот, мисалы, "жакшылыкты билбейт, биз аны бактык, карадык, ал ыраазы болгондун ордуна ушундай мамиле кылды, начар жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтышат", - деп кошумчалады активист.

КОС жана КОГ коомдук бирикмесинин Бишкек жаштар уюмунун төрайымы Алия Турдиеванын айтымында, жабырлануучулар көбүнчө кайда кайрылаарын билишпейт.

"2024-жылы 2-январда Баткенде жашаган 21 жаштагы келиндин чуу жараткан окуясы жаңылыктарга чыккан. Ал өзү укпайт, күйөөсүнүн да угуусу начар экен. Алардын эки баласы бар. Келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган: күйөөсү аны дайыма сабап жүргөн. Ал милицияга кайрылган, бирок алар көңүл бурушкан эмес. Жаш келин ата-энесине жана туугандарына жардам сурап кайрылууга аракет кылган. Алар "аны менен жаша" дешкен. Келин Бишкекке келип, бирок маалыматы жок болгондуктан борбордон эч кандай жардам таба алган эмес. Баткенге кайтып барганда күйөөсү аны көчөдөн кармап, балдарынын жана кошуналарынын көзүнчө муунтуп өлтүргөн", - деп окуяны эске салды Турдиева.

Тез жардам алуу - өтө көйгөйлүү

Майыптуулугу бар кыздар жана аялдар милицияга кайрылуудан баштап эле кыйынчылыктарга туш болушат. Мисалы, угуусу начар адамдар ал жакка чала алышпайт.

"Менин башымдан мындай окуя өткөн. Бөлмөдөн өрт чыгып, эмне кыларымды жана өрт өчүрүү кызматын кантип чакырууну билбей калдым, анткени биздеги бардык кызматтарга телефон чалуу керек. Мен эмне болгонун айта албагандыктан, байланыша албайм да. Ошондо мен жардам сураш үчүн кошуналарды, башка бирөөлөрдү издеп чыгып, өрт өчүрүү кызматын чакырышым керек болот. Өрттү мен өз күчүм менен өчүрдүм. Ошондуктан ушундай ыкчам кызмат көрсөтө турган кызматтарга кайрылуу үчүн атайын тиркемелер болсо жакшы болот эле", - деп өз тажрыйбасы менен бөлүштү Алия Турдиева.

"Жабыркагандар өздөрү арыз жаза алышпайт, жакындары көңүл бурушпайт, сурдокотормочу табуу мүмкүн эмес. Ошондон улам жабырлануучулар арыз жазышпайт. Айрыкча аймактарда ушундай болот, Бишкек шаарында котормочу табуу оңоюраак. Кээ бир өлкөлөрдө, биз билгендей, онлайн сурдокотормочулар бар. Аларда күнү-түнү кызмат көрсөткөн борбор иштейт. Кайсы гана убакта болбосун керек болгон маалда борборго видео аркылуу чалса сурдокотормочу берилет. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда мындай борбор жок", - деп белгиледи Турдиева.

"Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган кыз жардам ала албай калган окуяны билебиз. Церебралдык шал оорусу менен ооруган адамдардын сүйлөө ылдамдыгы төмөн болуп, сөздөрдү айтканда бизге көнүмүш эместей болушу мүмкүн. Майыптуулугу бар кыз зомбулукка кабылып, тез жардам керек деп милицияга телефон чалганда, нөөмөтчү аны мас абалында деп эсептеп, бул чакырууну каттабай да койгон. Мындай учурлар көп. Бул бир эле мисал", - дейт "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору Зульфия Көчөрбаева.

Укук коргоо органдарынын ишенбөөчүлүгү

Кээ бир аялдардын жардам сурап кайрылбаганынын дагы бир себеби бар - жабырлануучулардын, өзгөчө психикалык жактан өзгөчөлүктөрү бар адамдардын көрсөтмөлөрүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишенбөөчүлүгү. Укук коргоочулар мындай аялдар жана кыздар болбогон нерсени ойлоп чыгарууга жакын же эмне болгонун жетиштүү түшүнүп, айта албайт деген стереотиптерге таянышат.

"Көп учурда, эгер майыптуулугу бар аял зордук-зомбулукка кабылып, укук коргоо органдарына кайрылса, ал башынан өткөн окуяны эркек тергөөчүгө кайра-кайра айтып берүүдөн тышкары башка жагдайга да туш болот - милиция анын айткандарынын окуяга дал келеринен жана чын экендигинен шек санайт", - дейт "Назик Кыз" коомдук фондунун жетекчиси Укей Мураталиева.

"Башкача айтканда, алар төмөнкүдөй суроолорду бериши мүмкүн: "Сен эмне болуп жатканын туура эле түшүндүңбү? Сага эмне болгонун жөн эле айтып жаткан жоксуңбу?". Эгер жабырлануучунун психикалык өзгөчөлүгү болсо, анда анын сөздөрүнөн шектенишет", - деди Зульфия Көчөрбаева.

Бул көйгөй укук коргоо кызматкерлерине гана мүнөздүү эмес. Мураталиеванын айтымында, соттук териштирүү учурунда да айыпталуучулардын жактоочулары майыптуулугу бар аял зордук-зомбулук тууралуу окуяны ойлоп тапканын айтышат.

***

Бул маселени "Теңдик" майыптар биримдиги" коомдук уюмунун өкүлү Виктория Бирюкова айткан окуя чагылдырат.

"Жабырлануучу өтө алыскы аймакта жашаган кыз. Бизге анын агасы кайрылган. Алардын ата-энеси жок. Ал карындашы, чоң ата, чоң энеси менен чогуу жашаган. Жигит психологиялык зомбулукка кабылып, ал үйдөн качып кеткен. Бишкекте жашап, ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн. Күндөрдүн биринде ал карындашына барып, психологиялык, экономикалык жана физикалык зордук-зомбулук болуп жаткан учурга күбө болот. Ал бул жагдайды видеого тартып алуудан башка айла таппайт. Окуяны көргөндө биздин үрөйүбүз учту. Биз кызды ошол жерден өзүбүздүн баш калкалоочу жайга алып келдик. Ушунчалык чоң көйгөйгө туш болдук, тиешелүү органдар бул кыздын адекваттуулугунан күмөн санап, бизди уккусу да келген жок. Кыз чоң атасы жана жакын байкеси тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар болгон. Бизди эч ким укпай жатат", - дейт Виктория Бирюкова.

"Биздин уюмдун баш калкалоочу жайы майыптуулугу бар кыздар жана аялдар үчүн жеткиликтүү болгон жалгыз мекеме. Жабырлануучуга бизден психологиялык жардам берилип, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, узакка созулган реабилитациядан өттү. Бир топ убакыт өттү, эми ал кызды эркин коё беришибиз керек, бирок барар жери жок. Биз адилеттүүлүккө жеткен жокпуз. Кыз мурдагы жашаган жерине кайтып бара албайт. Эми "Бул кызды каякка жиберебиз?" деп ойлонуп отурабыз. Ал таптакыр коомдон алыстап калган, билими жетишсиз болгондуктан окуганы жана жазганы начар. Бул үй-бүлө Кыргызстандын өтө алыскы тоолуу аймагында жашайт. Үй-бүлө менен эч ким, бир дагы социалдык кызматкер иштеген эмес", - деп белгиледи Бирюкова.

Айтымында, бул окуя бир жылдан ашык убакыттан бери созулуп келе жатат. "Майыптуулугу бар адамдардын укугун коргоо жаатында иштебеген укук коргоочулар менен буга чейин кандайдыр бир жыйынтыкка жетишүүгө аракет кылганбыз. Ошондой эле майыптуулугу бар юристтерибиз менен юридикалык жардам көрсөткөнгө аракеттендик. Бирок кызды эч ким уккусу келбейт. Кээ бир адамдардын айтуусу боюнча, ал акыл-эси жайында эмес сыяктуу. Бир эмес бир нече жолу тиешелүү жактарга, анын ичинде прокуратурага арыз жазылган, кайда гана барган жокпуз. Мунун баары далилдердин жоктугунан улам токтоп калууда. Бирок бул расмий гана версия. А чынында бул басмырлоо экенин түшүнүп эле турабыз", - деп кошумчалады активист.

"Аталган окуядагы бир гана позитивдүү учур – бул убакыттын ичинде кыз абдан өстү. Ал реабилитациядан өттү, азыр ыйлабай, жылмайып, коомго аралашып, теңтуштары менен баарлашып калды", - деди Бирюкова.

Системаны инклюзивдүү кылуу керек

Үй-бүлөлүк же башка зордук-зомбулук фактылары боюнча чогултулган расмий статистика майыптуулугу барларды, анын ичинде зомбулуктун кайсы түрү экенин бөлүп көрсөтпөйт. Кырдаалды жакшыраак түшүнүү үчүн майыптуулугу бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо чөйрөсүндө инклюзивдик ыкмалардын жеткиликтүүлүгүн жана жетиштүүлүгүн аныктоо үчүн ченемдик-укуктук актыларга, ведомстволук актыларга, иштерге жана колдонуудагы практикага комплекстүү талдоо жүргүзүлдү.

Маалымдама

"InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун субгрантынын алкагында "Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы" коомдук бирикмеси тарабынан ар тараптуу талдоо жүргүзүлдү.

"Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясынын" байкоочу кеңешинин төрайымы Чынара Айдарбекова майыптуулугу бар кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук "сырттан караганда билинбеген, жашырууга аракет кылынган жабык тема" экенин белгиледи. "Көйгөйлөр өтө көп. Мисалы, мындай иштер дээрлик эч качан сотко жеткен эмес. Укук коргоо органдарына, сотторго кайрылуу маселеси бар. Көптөгөн кыздар сүйлөй алышпайт, арыз жаза алышпайт, укуктарын биле беришпейт" - деди ал.

"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору Зульфия Көчөрбаева белгилегендей, мындай талдоо коом менен мамлекетти инклюзивдүү кылууга багытталган. "Укук коргоо системасы дагы бул шарттарды түзүүнүн зарыл бөлүгү катары барган сайын инклюзивдүү болуп, майыптуулугу бар адамдар сыяктуу категориядагы жарандардын өзгөчө муктаждыктарын эске алгыдай болушу керек", - деп кошумчалады ал.

"Көбүнчө бизде "майыптуулугу бар адамдар" деп айтканда, аларды кандайдыр бир гомогендүү бир түрдүү топ (психологиясы жана жүрүм-туруму боюнча бири-бирине окшош адамдардан турган социалдык топ) катары кабыл алышат. Бирок, чындыгында булар таптакыр башка шарттардагы, ар кандай өзгөчө муктаждыктары жана талаптары бар адамдар. Зордук-зомбулуктан жабыркагандар, мисалы, угуусу начар же кандайдыр бир психикалык өзгөчөлүктөрү барлар - эки башка учур, эки башка көйгөй экенин, алар менен иштөө үчүн конкреттүү чаралар талап кылынарын түшүнүү керек", - деп баса белгиледи Көчөрбаева.

Аракеттер бар, бирок жетишсиз

Майыптуулугу бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча биздин мыйзамдарда кандай кемчиликтер бар? Гендер боюнча эксперт Надежда Пригода белгилегендей, Кыргызстан кыйла прогрессивдүү мыйзамдарды түзүп, адам укуктарын коргоо жаатында эл аралык стандарттарга жакындаганга аракет кылып жатканына карабастан, аны кемчиликсиз деп айтууга болбойт.

"Биздин улуттук мыйзамдарда – Кылмыш-жаза кодексинде, Жазык-процесстик кодексте майыптуулугу бар адамдарды коргоо боюнча иш жүзүндө эч кандай конкреттүү жоболор жок. Улуттук ченемдик-укуктук актыларга инклюзивдик ыкмаларды киргизүү аракеттери бар, бирок алар жетишсиз. Мисалы, Жазык-процесстик кодексинде угуусунда көйгөйлөрү бар адамдар үчүн сурдокотормолорду колдонуу механизми бар. Бирок сурдокотормого муктаж майыптуулугу барлар тек гана угуусу начарлар гана эмес, көрүүсү да начар, менталдык саламаттыгында да, кыймыл-аракетинде да көйгөйлөрү бар адамдар. Алар үчүн Кылмыш-процессуалдык мыйзамдарда жана жалпысынан улуттук укуктук процедураларда эч кандай өзгөчөлүктөр камтылган эмес", - деп белгиледи эксперт.

Кыргызстанда майыптуулук учурлары кандай катталган (жылдар боюнча) 2010-2022

Надежда Пригоданын айтымында, эгерде адам өз укугун өзү коргой албаса, анда, мисалы, прокурор аны коргош керек деген жалпы эреже бар.

"Бирок, тилкекке каршы бул дайыма эле аткарыла бербей турганын баарыбыз көрүп жатабыз жана практикадагы талдоо да көрсөтүп турат. Көп учурда маселе мыйзамдардагы кемчиликтерде эмес, биринчиден, укук коргоо органдарынын инфраструктурасында, экинчиден, ошол тармакта иштеген адамдарда. Бул гендердик сезимталдыктын, гендердик компетенттүүлүктүн жетишсиздиги, мисалы, жабырлануучунун майыптыгы болсо, фактыны иликтөөнү кантип жүргүзүү боюнча кандайдыр бир атайын стандарттар жок, - деп түшүндүрдү эксперт.

"Башкача айтканда, биздин мыйзамдарга инклюзивдүүлүк жетишпейт. Анткени "майыптуулугу бар аял" деген түшүнүктү алсак деле алар ар кандай болушу мүмкүн. Алар майыптуулугу бар жашы жете элек кыздар, аялдар, психикалык жана кыймыл-аракетинде көйгөйү бар майыптуулугу болушу мүмкүн. Булар ар кандай адамдар. Мындай топтогу жабырлануучулардын ар биринин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кандайдыр бир юридикалык жол-жоболор иштелип чыгышы керек. Ал эми укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер тергөөгө чейинки иштерге, тергөөгө, сот адилеттигине катышкандар, адвокаттар, прокурорлор, соттор бардыгы - ар кандай категориядагы майыптуулугу бар аялдар жана кыздар менен иштөө жөндөмүнө ээ болушу керек. Ал арада биз аларды орточо жыныстагы, орточо жаштагы, ден соолугун орточо деп карап отурганда – тилекке каршы, майыптыгы бар адамдардын укуктары корголбогон бойдон калууда", - дейт Надежда Пригода.

Коом зомбулукка кайдыгер карайбы?

"Биздин коом инклюзивдүү эмес. Коом бул кылмыштардын баарына, зордук-зомбулуктун баарына кайдыгер карайт. Зордук-зомбулукка кабылган кыздар тынымсыз ыдык көсөтүүгө дуушар болушат, жабыркашат, коомчулук аларды кабыл албайт. Бул абдан чоң көйгөй", - деди "Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясынын" эксперти Чынара Биялиева.

Ал сотко чейинки баскычтагы бир катар көйгөйлөргө атады:

  • Жазык-процесстик кодексинде (ЖПК) майыптыгы бар жабырлануучулардын ишине жактоочунун милдеттүү катышуусу каралган эмес. Бирок алар акысыз юридикалык жардам алууга укуктуу жана бул фактор тергөөнүн, чечим кабыл алуунун жыйынтыгына жана мөөнөтүнө олуттуу таасирин тийгизет.
  • Айыпталуучу тараптан жабырлануучуга болгон коркунучтарды жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлбөсө, жабырлануучунун коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.
  • Айыпталуучунун, анын жакындарынын (өзгөчө эгер алар таасирдүү болушса) кысым көрсөтүү көйгөйүнө укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги жана көрүп, билип туруп жол берүүсү такай коркутуулардан улам жабырлануучунун укуктарын коргоонун начарлашына жана кылмышты толук эмес, натыйжасыз иликтөөгө алып келет.

***

Церебралдык шал оорусунан жабыркаган 15 жаштагы Зариманы (аты өзгөртүлдү) чоң киши зордуктап, бир жыл бою жыныстык катнашка мажбурлап, аны сабап, апасын да, өзүн да өлтүрөм деп коркуткан. Ал киши мурда соттолгон, бирок шарттуу түрдө бошотулган. Кызга карата сексуалдык зомбулук 2021-жылы башталып, акыркы жолу 2022-жылы февраль айында болгон.

Кылмыш тууралуу милицияга кыздын апасы билдирген. Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, "Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси боюнча ишти 2022-жылдын март айында сотко өткөрүп беришкен.

Сот отуруму бир нече жолу ар кандай себептер менен кийинкиге жылдырыла берген - күбөлөрдүн, айыпталуучунун жактоочусунун келбей калышы, айыпталуучуну СИЗОдон сотко алып келбей коюу, судьяны алмаштыруу, жактоочуну алмаштыруу, прокурордун келбей калышы. Укук коргоочулар кыздын ишин кароону сот эки айдан ашык созгонун, бирок мындай оор кылмыштар эки айдын ичинде каралышы керектигин белгилешет.

Бул убакыт аралыгында Зарима эч кандай коргоо менен камсыз болгон эмес. Айыпталуучу ага телефон чалып, WhatsApp аркылуу коркутуп, тосмо арыз жазып, айыпты алып салууну талап кылганга да жетишкен.

Зордук-зомбулук менен коркутуу да кылмыш болуп саналат жана мыйзамда жабырлануучуларды коргоо боюнча жоболор бар. Бирок укук коргоочулар коргоо беренелери Заримага карата колдонулбаганын белгилешүүдө.

"Теңдик" майыптуулугу бар адамдар союзунун, "Бир Дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жана Equality now эл аралык укук коргоо уюмунун "Кыргызстандагы сексуалдык зордук-зомбулук жана майыптуулук: мыйзамдар, саясат, практикалар жана сот адилеттигине жетүү" докладынан таржымал.

***

Медициналык кароодон өтүүнү карама-каршы жыныстагы адамдын жүргүзүүсү, ошондой эле текшерүү учурунда алардын туура эмес кыймыл-аракети жабырлануучуга катуу таасир этет. Ошондой эле укук коргоо, сот органдарына болгон ишенимине да чоң таасирин тийгизет.

Кыргызстанда ДНК текшерүү жүргүзө турган лаборатория жок. Зордуктоо жана кош бойлуулук боюнча ДНК тестин өлкөдөн тышкары өткөрүү кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат, бул майыптуулугу барлар үчүн кымбат процесс болушу мүмкүн. Мындан тышкары биологиялык материалды чет өлкөгө (Казакстан, Россия) жөнөтүү зарылдыгы тергөөнүн олуттуу кечеңдеп, татаалдашына алып келет жана аны тышкы факторлорго көбүрөөк көз каранды кылат. Тергөө жардамга жана кайрымдуулукка көз каранды болуп, процессти татаалдаштырат же далилдердин жоктугунан иштин жабылышына алып келиши мүмкүн.

Маалымдама

ЮНИСЕФтин кырдаалдык талдоосу да мамлекеттик реабилитациялоо программасында негизги экспертизалар жана кызматтар жетишсиз экендигин аныктады: медициналык реабилитация эскирген, ресурстардын жетишсиздигинен социалдык, психологиялык, билим берүү жана реабилитациянын башка түрлөрүнө ресурстар чектелүү. Жаш курагына ылайыктуу жардамчы аппараттарды алуу өзгөчө айыл жеринде адамга ылайыкталган ыкмалардын жоктугунан жана узакка күтүүдөн улам татаал бойдон калууда. Майыптуулугу бар адамдар көбүнчө мындай программаларга жана колдоого ээ болуу укуктарын биле беришпейт.

***

Наталья (аты өзгөртүлдү) бала кезинен церебралдык шал жана талма менен ооруп келет. Ал эч качан мектепке барган эмес. Наталья 15 жашында 70 жаштагы кошунасы тарабынан зордукталган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Натальянын апасы анын курсагы чоңоюп кеткенин байкап, дарыгерге алып барган. Өспүрүмдүн беш айлык боюнда бар экени тастыкталган. Көп өтпөй Натальядан кан кетип, ооруканага жаткырылган. Ага операция жасалып, бирок түйүлдүктү сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Натальянын апасы кызынын кош бойлуу болуп калганы тууралуу милицияга кайрылган, бирок кызматкерлер эч кандай чара көргөн эмес. Кыздын майыптуулугу бар болгону үчүн анын зордукталганына ишенишкен эмес. Наталья бир нече жолу кошунасынын атын атап, күнөөлүү экенин айткан. Бирок ДНК анализи менен биологиялык үлгүлөрдү экспертизадан өткөрүүдө алынган далилдерден кийин гана кылмыш иши козголгон.

Үлгүлөрдү Россияга же Казакстанга жөнөтүү керек болгон. Бул процесс Натальянын ишин олуттуу түрдө создуктурган. Анализ үчүн жарандар кайрымдуулук кылышкан. Ал эми кылмышкер Натальянын үй-бүлөсүнө кысым көрсөткөн. Анын уулу менен келини укук коргоо органдарында иштеген. Айыпталуучунун баласы тергөө иштерине кийлигишип, кылмышты башкаларга оодарууга аракет кылган.

"Теңдик" майыптуулугу бар адамдар союзунун, "Бир Дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жана Equality now эл аралык укук коргоо уюмунун "Кыргызстандагы сексуалдык зордук-зомбулук жана майыптуулук: мыйзамдар, саясат, практикалар жана сот адилеттигине жетүү" докладынан алынган таржымал.

***

Кылмышты атайылап туура эмес классификациялоо (жеңилирээк беренеге алмаштыруу) шектүүнү жеткиликтүү жазалоодон алып калат.

Тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана тергөө судьяларынын туруктуу виктимдүүлүктү жоюу үчүн майыптыгы бар жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн сактоо тартибин жүргүзүүдө демилге көтөрбөгөндүгү, алардын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске албастан сурактарды өткөрүүлөрү зомбулукту башынан өткөргөндөр үчүн кошумча азаптарды кечирүүгө алып келет.

Мындай мүнөздөгү кылмышты тергөөдө иштин алдыга жылып, сотко чейин жетүүсү үчүн көп учурда ар кандай комиссиялардын, жооптуу адамдардын кийлигишүүсү талап кылынат. Укук коргоо органдары менен башка институттардын координациясынын жетишсиздиги тергөө процессин жайлатат.

Биялиева соттук териштирүү баскычындагы көйгөйлөрдү санап өттү:

  • Жабырлануучунун көрсөтмөлөрү алдын ала жазылып калбайт, ал ар бир соттук процесстерге барып, кайталап айтууга мажбур болот. Бул сотто жабырлануучуну айыпталуучунун жактоочуларынын алдында аярлуу кылып, анын өзгөчө муктаждыктарын эске албай, көрсөтмөлөрүн бурмалап коюуга алып келиши мүмкүн.
  • Психикалык жактан майыптуулугу бар жабырлануучунун сот процессине катышуусу анын эмоционалдык абалына жана психологдун дайыма катышуусунун зарылдыгына байланыштуу кыйынчылык жаратат.
  • Убакыт - кылмыш иштеринде олуттуу маселе болуп саналат, айрыкча зордуктоо фактыларында көп убакыт өтүп кетсе далилдер жоголуп кетиши мүмкүн. Бул кылмыш иштердин ийгиликтүү тергелишине жана күнөөлүү адамды сот жообуна тартууда олуттуу тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.
  • Соттук процессте психикалык жактан аялуу адамдардын байланышуу өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн социалдык коргоо тарабынан жетиштүү эске албоо - алардын укуктарынын талаптагыдай корголбой калуусуна алып келет.
  • Жабырлануучулардын адвокаттардын кызматынан пайдалана албоосу, айрыкча жактоочунун акысын өздөрү төлөй албаган учурларда алардын сотто укуктук жактан корголуусун жана колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн начарлатат.
  • Жактоочуларга дайыма сот отурумун жабык өткөрүү өтүнүчүн келтириши керек болот (анткени бул зордуктоо). Бул жабырлануучуларды огобетер алсыз кылып, аларды кошумча жараат алып кыйналууларга дуушар кылат жана алардын купуялуулугунун, коопсуздугунун бузулуу коркунучуна алып келет.

Изилдөөлөр иштин натыйжасы судьядан да көз каранды деген жыйынтыкка келген. Көйгөйлөргө сезимтал судьялар (негизинен аялдар) адвокаттардын өтүнүчтөрүн карап, тез чечим кабыл алышкан.

Апелляциялык процесс узак жана татаал, соттордун ар кандай инстанцияларында бир нече жолу кайра соттук териштирүүлөр менен коштолот. Натыйжада бардык тараптар үчүн, анын ичинде жабырлануучу жана анын жактоочулары үчүн бир кыйла убакытты коротуп, эмоционалдык стрессти күчөтөт.

Адвокаттарга жетүү көйгөйлөрү, массалык маалымат каражаттарынын ролун чектөө, психологиялык колдоонун жоктугу жана соттук отурумдарды жабык өткөрүүдөгү кыйынчылыктар зомбулуктан, кыянаттыктан жабыркагандар үчүн бирдей эмес шарттарды түзөт. Кылмышкерлер үчүн катуу жазалар каралган күндө дагы жабырлануучуларга психологиялык жана эмоционалдык таасирлер чоң көйгөй бойдон калат. Ошондуктан аларга адилеттикти камсыз кылуу жана бардык сот процессинде колдоо көрсөтүү маанилүү.

Айыпталуучуларды кылмыш жообуна тартууда жарандык коомдун кийлигишүүсү керек болду.

Ошол эле учурда моралдык зыянды белгилөө жана зомбулуктан жапа чеккендерге зыяндын ордун толтуруп берүү адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн жана кылмыштын кесепеттерин жеңилдетүүнүн маанилүү аспектиси болуп саналат. Бирок көйгөй - моралдык зыяндын суммасынын аздыгында, аны алууга көп убакыт талап кылынганында же талап коюунун мүмкүн эместигинде.

"Алдын ала талдоолордун жыйынтыгында көптөгөн боштуктар аныкталды. Эми ошол боштуктарды толтуруу үчүн мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, мыйзам алдындагы актыларды өзгөртүү деңгээлинде эмне кылсак болот жана укук коргоо органдарынын практикасында эмнени өзгөртүү зарылдыгы боюнча жакшылап ойлонуп, иштөө маселеси турат. Анын ичинде укук коргоо органдарынын кадрларын окутуу жана даярдоо системасына өзгөртүүлөр киргизилиши да мүмкүн. Балким, кээ бир инфраструктуралык нерселер да өзгөрүшү керек, анткени кээде бул маселелер жөн гана техникалык жактан чечилип калат. Мисалы, аудио чалууларды эле эмес, сүйлөй албаган адамдар жок дегенде жаңсоолору менен жардамга муктаж экенин билдире ала турган видео чалууларды да кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бирок муну талкуулап башташыбыз керек жана аныкталган кемчиликтердин ар бири боюнча укук коргоо органдары, эксперттер жана башкалар менен биргелешкен аракеттердин аркасында көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандайдыр бир аракеттенүү картасын түзүүгө болот", - деп комментарий берди Зульфия Көчөрбаева.

Маалымдама

Мамлекет майыптуулугу бар адамдарга жеңилдиктерди жана негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү - социалдык жөлөк пулдарды, анын ичинде майыптуулук боюнча пенсияны, жалгыз бой адамдарга үй-тиричилик жактан жардам көрсөтүүнү, реабилитациялоону жана стационарда акысыз дарылоону, протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз берүү, ошондой эле ишке орноштуруу, билим берүү жана сот адилеттигине жетүү сыяктуу тармактарда жеке мобилдүүлүккө жетүүсү үчүн техникалык жана адистештирилген каражаттар менен камсыз кылат. Бирок майыптуулугу бар адамдарды колдоо боюнча комплекстүү программалар жок. Көптөгөн коомдук имараттар, анын ичинде ооруканалар жеткиликтүү жабдуулар менен камсыздалган эмес. Бул өзгөчө соттук териштирүүлөрдө айкын көрүнүп турат, мында майыптыгы бар адамдарга шарттар, анын ичинде даттануу боюнча механизмдерге жана маалыматка (мисалы, жеткиликтүү форматтагы же Брайл шрифтиндеги материалдар) жеткиликтүүлүк камсыздалбайт", - Human Rights Watch уюмунун баяндамасынан.

"Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы" коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Чынара Айдарбекова белгилегендей, мындай категориядагы адамдардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртууга көмөктөшүү үчүн талдоо жана сунуштар камтылган документ толугу менен чечим кабыл алуучу жактарга берилет.

Сот адилеттиги бар

Зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адам сот адилеттүүлүгүнө жеткен учурлар бар. Мындай окуя тууралуу Виктория Бирюкова айтып берди: "Жабырлануучу - алыскы аймактан келген майыптуулугу бар кыз. Ал биздин жайкы лагерге катышкан. Окутуунун темасы зордук-зомбулук болчу. Машыктыруучу ал жөнүндө айтып берди. Үчүнчү күнү ошол кыз өзүнүн окуясы менен бөлүшкүсү келгенин билдирди. Кыз ыйлап, курбусунун тааныш жигити Бишкектин кайсы бир жеринде майыптуулугу бар адамдарга батир берилип жатат деген оюна ишендиргенин айткан. Ал жигиттин айткандарына ишенген. Анан ал таанышы борборго барууга көндүргөн. Жигит "Бишкекке эртең кетебиз. Үчөөбүз барабыз - сен, мен жана менин сүйлөшкөн кызым болуп" деген. Жигит сүйлөшкөн кызы унаа менен баргысы келбей жатканын, ашуудан кыйналарын айтып, аны учак менен жөнөтөрүн билдирген.

Бала майыптуулугу бар кызды Ысык-Көл облусу аркылуу алып бармай болгон. Кечинде алар конок үйдө, эки башка бөлмөлөрдө калышкан. Эс алып, эртең менен жолго чыгабыз деген. Түн бир оокумда жигит кызга барып, таң атканча аябай кордогон. Кантип кыйнаганын айтуу мен үчүн абдан кыйын. Кыздын бардык жеке буюмдарын жана телефонун тартып алган. Алар Бишкекке чейин маршруттук таксиге отурушкан.

Маршруттук такси Боом капчыгайына токтоп, жигит сыртка чыккан. Ошол учурда кыз жакын орундукта отурган аялдын телефонун сурап, эжесине чалган. Эжеси дароо милицияга кабар берген. Кармоо планы жарыяланып, алар Боомдун чыга беришинен кармалган. Белгилей кетсек, бардык процесске кыз өзү катышкан, эжеси экөө барып арыз жазышкан. Андан кийин менин кесиптештерим анын укугун коргоого киришти. Натыйжада зордукчу 11 жарым жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот айыпталуучуну жабырлануучуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген".

Бирюкованын айтымында, бул кадимки окуя эмес.

Кырдаалды өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек?

Европа Биримдигинин колдоосу менен "Социалдык технологиялар агенттиги" ишке ашырып жаткан "InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун координатору Бактыгүл Исланбекова "биринчи кезекте майыптуулугу бар адамдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү абдан маанилүү" дейт.

"Бардык жерде бара-бара инфраструктураны жакшыртуу гана эмес, билим алууга, анын ичинде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк болушу үчүн инклюзивдик саясатты киргизүү абдан маанилүү. Кийин майыптуулугу бар адамдар жумуш таба алгыдай болушу керек. Майыптуулугу бар адамдарга карата жылуу, багыттуу мамиле болушу үчүн коомдо маалымат берүү кампаниясын жүргүзүү зарыл. Мыйзамдык жактан алганда, биздин субгранттын алкагында "Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы" алар менен ар тараптуу талдоо жүргүзүп, анын алкагында бир катар сунуштар айтылган. Биз инклюзивдик кризистик борборлорду көбүрөөк ачышыбыз керек. Ал жакта майыптуулугу барларга психологиялык жардам бере турган атайын окуудан өткөн адистер болушу шарт. Укуктук карама-каршылыктарды жоюу керек, анын айынан көптөгөн зомбулук фактылары аягына чыкпай келет".

Сунуштар:

  • Дискриминацияга (кодулоо, басмырлоо) каршы, анын ичинде дискриминациянын бардык формасына тыюу салган, дискриминациялык актылар үчүн жоопкерчиликти белгилеген, ошондой эле дискриминацияга дуушар болгон адамдарды коргоонун натыйжалуу механизмдерин жана каражаттарын, анын ичинде майыптуулугу боюнча адамдарга ылайыктуу шарттарды түзүүдөн баш тартууну майыптуулук боюнча дискриминация катары карап, комплекстүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы майыптуулук боюнча түз жана кыйыр басмырлоонун белгилерин аныктоо.
  • Мыйзам деңгээлинде бардык укук коргоо органдарына, анын ичинде сотторго зордук-зомбулуктан жабыркаган майыптуулугу бар аялдардын/кыздардын жазык сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарына эркин катышуусу үчүн эл аралык стандарттарга толугу менен ылайык келген талаптарды эске алып, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу.
  • Мамлекеттик органдар тарабынан майыптуулугу бар адамдарга, анын ичинде угуусу, көрүүсү начар, психикалык жактан аксаган жана кыймыл-аракети бузулган адамдар үчүн маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
  • Укуктук статистиканы, анын ичинде соттук статистиканы жынысы, курагы, майыптуулуктун түрү жана тобу боюнча бөлүштүрүү боюнча чараларды көрүү.
  • Жардам көрсөтүү стандарттарына инклюзивдик жана гендердик сезимталдык нормаларды киргизүү (клиникалык протоколдор, медициналык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдик программасы, социалдык кызмат көрсөтүү боюнча нускамалар ж.б.).
  • Зомбулукка кабылган майыптуулугу барларга, анын ичинде угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү начар, физикалык кыймылы чектелген, акыл-эс жана интеллектуалдык жактан аксаган адамдар менен иштөө боюнча методикалык материалдарды, нускамаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • Инфраструктуралык объектилердин техникалык стандарттарын иштеп чыгууда майыптуулугу бар адамдардын ар кандай топторунун (психикалык, кыймыл-аракет, көрүү, угуу жана сүйлөө көйгөйлөрү бар аялдар жана кыздар) объекттерге жана маалыматка физикалык жетүүсүн камсыздоо боюнча муктаждыктарын эске алуу.
  • Зордук-зомбулуктан жабыркаганда, зомбулук коркунучу жаралганда ыкчам маалымдоо үчүн жардамга чакыруу, анын ичинде СМС билдирүүлөр жана ар кандай тез жардам мессенджерлери аркылуу жеткиликтүү ыкмаларды камсыз кылуу.
  • Гендердик зомбулуктан жабыркаган майыптуулуктун ар кандай түрлөрү барларга кризистик борборлордун кызматтарына жетүүсүн камсыз кылуу.
  • Майыптуулардын ар кандай тобундагы жана майыптуулуктун формалары ар түрдүү аялдарга/кыздарга 24 сааттык колдоо кызматтарын көрсөтүү, анын ичинде 24 сааттык ишеним телефондору, ишенимдүү турак-жай, медициналык жардам, психосоциалдык кеңеш жана өлкөнүн бардык аймагы боюнча экономикалык колдоону камсыз кылуу.
  • Мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүдө майыптуулугу барлар үчүн жардамчы жана ортомчу кызматтарды, анын ичинде кесипкөй коштоочуларды, окугучтарды жана сурдокотормочуларды бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
  • Майыптуулугу бар аялдардын/кыздардын сот процессинин бардык этаптарында, анын ичинде тергөө стадиясында жана сотко чейинки башка этаптарда түз жана жана кыйыр катышуучу катары эффективдүү ролдорун аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн процедуралык жана жаш курагына ылайыктуу оңдоолорду киргизүү, акылга сыярлык шарттарды камсыз кылуу, аял тергөөчүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү.
  • Жазык-процесстик жана Укук бузуулар кодексинин процессуалдык бөлүгүнө үй-бүлөдөгү аялдарга карата зомбулукка, анын ичинде майыптуулугу бар аялдарга/кыздарга карата зомбулукка байланыштуу сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө бөлүмдөрдү өзүнчө кароо:

  • Зордук-зомбулукту башынан өткөргөн майыптуулугу бар аялдар көрсөтмө бере тургандай абалда болбосо же көрсөтмө берүүнү каалабаса да зомбулук боюнча ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
  • Жабырлануучу тараптын арызы болгон, болбогондугуна жана айыпталуучу менен элдешкенине карабастан, тергөөчү менен прокурордун коомдук кызыкчылыкка ылайык өндүрүштү улантуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү.
  • Жабырлануучунун арызы жок болсо да милдеттүү түрдө шектүүнү кармоо жана жоопко тартуу.
  • Кылмышкерди кылмыш жообуна тартууну жана соттоону жабырлануучунун көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана жүргүзүү.
  • Жабырлануучуга башка жактын же тараптын, мисалы, эркек тууганынын макулдугусуз соттук-медициналык экспертизадан жана/же экспертизадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
  • Зомбулукка кабылган адамды кайра жабыркатып албоо үчүн медициналык жана соттук далилдерди кайталап чогултууга жол бербөө.
  • Эгерде жабырлануучу соттук териштирүүнүн тилин билбесе сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында аны көз карандысыз жана компетенттүү котормочулар, сурдокотормочулар менен камсыз кылуу.

  • Үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук фактылары боюнча соттук-медициналык далилдерди чогултууга, анын ичинде жабырлануучулар кылмыш жөнүндө билдирбесе дагы акысыз соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Гендерге сезимтал жана жабырлануучуга багытталган мамилени камсыз кылуу үчүн соттук-медициналык далилдерди чогултуу медициналык мекемеде жашыруун шарттарда жүргүзүлүшү керек.
  • Зордук-зомбулуктан жапа чеккендер, анын ичинде майыптуулугу барлар менен иштөөдө өзгөчө муктаждыктарын, экинчи ирет жабыркатып албоо үчүн өзгөчө сезимталдык менен аяр мамиле жасоо; мүмкүн болушунча соттун имараттарында жана укук коргоо жайларында жабырлануучу менен айыпталуучу тарапты байланыштырып албоо үчүн тийиштүү коммуникациялык технологияларды колдонуу.
  • Зомбулукка кабылган майыптуулугу бар аялдарды/кыздарды сурдокотормочу жана башка техникалык каражаттар менен камсыз кылбай туруп арызды кабыл алууну, каттоону, материалдарды прокурорго жөнөтүүнү кылмыш жөнүндө билдирүүнүн тартибин бузуу деп табуу.
  • Жабырлануучуга, күбөгө же жазык процессине катышуучу башка адамга карата коркутууга негиздер болсо, коопсуздук чараларын көрүү жана сотко чейинки өндүрүштү баштоо.
  • Сотко чейинки иштин жүрүшүндө жабырлануучуларды коргоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, алар менен иштөө үчүн адистештирилген топторду түзүү, ошондой эле кошумча жараат алууну жана виктимизацияны алдын алууга багытталган процедуралардын стандарттарын белгилөө.
  • Объективдүү жана сапаттуу тергөөнү камсыз кылуу үчүн өзгөчө майыптык жана психикалык жактан жабыркаган адамдар менен байланышкан иштерде көз карандысыз адистерди тартуу маанилүү.
  • Жабыр тарткандарга процесстин бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн ар кайсы органдардын, ошондой эле укук коргоо жана социалдык коргоо органдарынын ортосундагы координацияны жакшыртуу.
  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлери майыптуулугу барларга жана зордук-зомбулуктан жапа чеккендерге, өзгөчө жашы жете электерге аяр мамиле жасоо боюнча такай окуудан өтүшү керек.
  • Ар кандай айыптоолорду азайтууга жана коомчулуктун көйгөйдү кеңири түшүнүүсүнө жардам берүү үчүн зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жана жапа чеккендерди колдоо боюнча билим берүү программаларын жана маалымдоо кампанияларын жайылтуу.

Бул макала АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен даярдалды. Kaktus.kg маалыматтын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/15903