"Аккула" ат майданынын жери аукционго коюлду. Баштапкы баасы 8,7 млрд сом
1365
Бишкек шаарынын мэриясы эски "Аккула" ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго койду. Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алганын мэриядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом деп баалоо жүргүзүлгөн.
- Электрондук аукционго катышуу үчүн көрсөтүлгөн баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек.
- Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.
- Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын "аукциондун кадамына" ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/15855