Саммитке катышуу үчүн Бишкекке келген президенттерди ким жана кандай тосуп алды? Сүрөт
RU

Саммитке катышуу үчүн Бишкекке келген президенттерди ким жана кандай тосуп алды? Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө. Саммитке катышуу үчүн келген өлкө лидерлерин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Алгачкылардан болуп Бишкекке 12-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди. Ардактуу конокту "Манас" аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Андан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келип, аны да Акылбек Жапаров тосуп алды.

Анын артынан Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун учагы Бишкекке конду. Баса, Лукашенконун кийген кийими окурмандардын көзүнө дароо урунду.

Бүгүн, 13-октябрда "Манас" аэропортунан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ага удаа эле "Манас" аэропортуна Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун учагы конду.

Андан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди тосуп алды.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/14721