Жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын өлкөдөн алып чыгуу фактысы аныкталды
RU

Жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын өлкөдөн алып чыгуу фактысы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган жаранды кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалыматында айтылат.

Анда айтылгандай, 19-сентябрда саат 22:30да "Муз-Төр" чек ара постуна ВАЗ-2121 "Нива" унаасы токтогон. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 капты табышкан. Жүктүн жалпы салмагы 53 кг 400 г болгон.

Айдоочуу Ж.Ж. Кыргызстандын аймагында казууга жана мыйзамсыз жыйноого катуу тыюу салынган эндик (арнебия) өсүмдүгүнүн тамырларын чек ара посту аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. Бул факты боюнча "Укук бузуулар" жөнүндө Кодексинин 264-беренесине ылайык, айдоочуга жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун же алардын бөлүгүн сатып алуунун, сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке жана айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Айдоочу жана эндиктин тамырлары салынган каптар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Эндик өсүмдүгү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Эндик Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп (Boraginaceae тукуму), жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат. Тамырдын курамында шиконин деген биологиялык зат бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/14480