Президент атасынын ысымы ыйгарылган ислам маданий борборуна барды
RU

Президент атасынын ысымы ыйгарылган ислам маданий борборуна барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Жалал-Абад шаарындагы жаңы ислам маданий борборуна барды. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, ислам борбору калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган.

Президент борбордун эки кабаттуу жаңы имараты менен таанышты. Биринчи жана экинчи кабатта намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Ушул эле жерде мамлекет башчысы намаз окуду.

Мындан тышкары жер төлөдө имамдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар менен 3 бөлмө жабдылып, борбордун аймагында чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган.

Объекттин курулушу 2022-жылдын августунда башталып, 2023-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/14174