Жалал-Абадда СИЗОнун жетекчисинин орун басары кармалды. Видео
RU

Жалал-Абадда СИЗОнун жетекчисинин орун басары кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Жалал-Абаддагы №53 жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Ал жумушка орноштурам деп жарандан акча алганы айтылат коопсуздук комитеттин маалыматында.

Белгилүү болгондой, 17-августта УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда арыз ээсине 25000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда Юстиция министрлигине караштуу СИЗО-53түн ыкчам бөлүмүнүн башчысы И.А.С. кармалган.

Такталгандай, 2023-жылдын июнь айында №53 жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкери И.А.С. жумушка орноштурам деп З.Д.З аттуу жарандан 40000 сом сураган. Алдын ала 25000 сом алган. Бирок ал иш менен камсыз кылбай, мурда алынган каражаттарды кайтарып бербей, З.Д.З. менен байланышты токтоткон.

Учурда кармалган кызматкер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/14101