Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө
1550
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Владикавказ шаарында Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярданып жатат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
9-август күнү башталган жыйын, 23-августка чейин уланат.
Команданын тизмеси:
- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг Амантур Исмаилов;
- 67 кг Раззак Бейшекеев;
- 77 кг Акжол Махмудов;
- 87 кг Атабек Азисбеков;
- 87 кг Азат Салидинов;
- 97 кг Үзүр Жусупбеков;
- 97 кг Бексултан Махмудов;
- 130 кг Роман Ким.
Курама команданын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/14002