Апасы менен сууга агып кеткен наристенин сөөгү 9 күндөн кийин табылды
2258
Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында апасы менен сууга агып кеткен наристенин сөөгү бүгүн, 27-июлда табылды. ӨКМдан билдиришкендей, кыздын сөөгү дээрлик 9 күн бою изделди.
Бүгүнкү издөө ишине 5 куткаруучу тартылган. Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы "Таштар-Ата" дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылган. Куткаруучуларга маалымат берилип, кыздын жансыз денесин суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Эске салсак, 18-июль күнү Аламүдүн капчыгайындагы Аламүдүн суусуна 2022-жылы туулган С.К. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткен. Кызын куткарам деп 21 жаштагы келин да сууга түшүп, агып кеткен. Анын сөөгү ошол эле күнү табылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/13674