Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими кирди
1550
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. ӨКМдан билдиришкендей, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, айдоо жерлерин, кожолуктарды суу жеп кетүү коркунучу жаралган.
Дарыядагы сууну деңгээли жогорулап, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп кеткен. Андан тышкары 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Мындан улам Жалал-Абад облусттук жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаев жана ӨКМнын облустук башкармалыгынын башчысы А.Закировдун катышуусунда штабдык олтурумда районго III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.Учурда Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып күйүүчү май менен камсыздалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/13011