"Бийликти күч менен басып алууга аракет". "Элдик Кеңеш" партиясы тууралуу эмне белгилүү?
RU

"Бийликти күч менен басып алууга аракет". "Элдик Кеңеш" партиясы тууралуу эмне белгилүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Элдик Кеңеш" партиясынын мүчөлөрү жана анын лидери Роза Нурматованын кармалышы боюнча маалымат таратты. Алар массалык нааразылык акцияларын жана ири массалык баш аламандыктарды, андан соң бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө. Ошондой эле иликтөөгө ылайык, чет өлкөдөн каржы келүүсү күтүлгөн. УКМК кармалгандардын телефон сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазуусун таратты.

Kaktus.media "Элдик Кеңеш" партиясы жана Роза Нурматова тууралуу белгилүү болгон нерселерди изилдеп көрдү.

Нурматова Роза Сарлыковна 1959-жылы туулган. Ал өкмөттүн социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2007-жылы "Асаба кайра жаралуу" партиясынан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан.

Буга чейин Нурматова Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун тарапташы болгон деп маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Буга ылайык, 2011-жылы БШК Нурматованы президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттаган.

2012-жылы Роза Нурматова "Ата-Журт" партиясынын штабынын жетекчисинин милдетин аткарып, 2012-жылы октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов кармалып,ю соттолгондо билдирүү жасаган. 2013-жылы аларга карата чыгарылган өкүмгө комментарий берип жатып Нурматова муну саясий куугунтук деп атаган.

Бул өлкөдөгү кырдаалга түздөн-түз таасир эте турган таза саясий буйрук.

Нурматова Алмазбек Атамбаевди жана анын Кумтөр боюнча чечимдерин сынга алган.

Нурматованын эң акыркы комментарийлеринин бири: 2023-жылдын 31-мартында тегерек столго катышып, Америка маданиятынын Кыргызстанга жайылышын сындап, идеологиянын жоктугуна кейиген.

"Батыштын "баалуулуктарын" одоно таңуулоо процесси жүрүп жатат – бир жыныстуу никелер, жынысын алмаштыруу (трансгендеризм), зоофилия жана башка ушул сыяктуу. Ал бизге келе турган күн алыс эмес! Кандай чараларды көрөбүз? Муну инсандык бузулуу катары кабылдайбызбы? Айыптайбызбы? Кантип токтотобуз? Албетте, радикалдуу ыкма менен эмес, аларга карата басмырлоо болбошу керек! 2020-жылдын 8-мартында борбор калаада феминисттердин кортеж-парадын уюштуруу аракети болуп, аларды белгисиз агрессивдүү адамдар күч менен таркатышканын билебиз. Бул демократияны, эркин ойду басуубу?", - деген Нурматова.

Нурматова эмнени жетектейт?

Роза Нурматова ишмердүүлүгү башка коомдук уюмдардын тизмесине кирген "АваЗар" эл аралык кайрымдуулук фондун, ошондой эле 2010-жылы каттоодон өткөн "Элдик Кеңеш" саясий партиясын жетектейт, бирок башында бул жөн гана Мукар Чолпонбаев жетектеген саясий кыймыл болгон.

Партия 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн, бирок андан ары шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/12793