Пара берүүгө аракет кылган. Диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
RU

Пара берүүгө аракет кылган. Диний уюмдун өкүлдөрү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, чет элдик К.С. аттуу жаран жана Кыргызстандын Ш.Л. аттуу жараны кармалды. Алар УКМК тарабынан 345-берененин 1-бөлүгү (Пара берүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында колго түшкөн.

Кыргызстандагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.

Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, "кызмат" үчүн 1000 доллар материалдык сыйлык сунушташкан.

"2023-жылдын 29-майында чет элдик жаран К.С. жана КРнын жараны Ш.Л. пара катары 500 доллар акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", -деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/12745