Ленин районундагы шайлоо. Беш талапкерге күрөө кайтарылып берилет
RU

Ленин районундагы шайлоо. Беш талапкерге күрөө кайтарылып берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-майда Ленин районундагы №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болду (35,83%).

Беш пайыздык босогодон ашкан талапкерлер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн кайтарып алууга укугу бар.

Ниязалиевадан тышкары төмөнкү талапкерлерге күрөө кайтарылып берилет:

  • Акыл Айтбаев - 5,67%;
  • Илимбек Аттокура уулу - 5,15%;
  • Эртай Искаков - 7,56%;
  • Улан Сариев – 11,88%.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда талапкерлердин жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн аракеттерине карата келип түшкөн даттанууларды карайт.

Жалпысынан шайлоо процесси башталгандан 20 арыз түшкөн. Арыздар каралгандан кийин Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/12601