Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
RU

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

"Эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/123