Кочкор-Атада белгисиз нерсеге ууланган окуучулар Ошко которулду
RU

Кочкор-Атада белгисиз нерсеге ууланган окуучулар Ошко которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында белгсиз нерсеге ууланган окуучулар Ош облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Балдардан анализ алынып, жыйынтыгы өз нормасында болууда. Бирок аларда уулануунун симптомдору дагы деле байкалып жатканына байланыштуу 17-майда Ошко которулду. Ал жак борборлоштурулган", - дейт.

Белгилесек, 11-майда 6-7-8-класстын окуучуларына медиктер лекция өтүшкөн. Алгач 2-3 окуучу өзүн жаман сезип баштаган. Ошентип ооруканага жалпы 42 окуучу кайрылып, 29у жаткырылган. Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Кийин дагы 9 бала абалы жакшы деп ооруканадан чыккан.

Бул факты "Уулануу" беренеси менен катталып, тергөө башталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/12340