"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жардам берет
RU

"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жардам берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс Алтын" компаниясы менен КРнын Улуттук илимдер академиясы 13-майда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Илимдер академиясынын президенти, профессор Канат Абдрахматов белгилегендей, меморандумга ылайык, академия "Альянс Алтын" компаниясына консультациялык жана илимий кызматтарды көрсөтөт (анын ичинде буюртма боюнча ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзөт).

"Альянс Алтын" - Кыргызстанда өзү мындай келишим түзүүнү сунуштаган алгачкы өнөр жай ишканаларынын бири. Улуттук илимдер академиясы үчүн алгылыктуу иш алып барган ишкана, уюмдар менен түзүлгөн мындай келишимдер маанилүү. Бул ишкана Кыргызстанда алтын өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Өлкөдө илимдин өнүгүүсүнүн маанисин жакшы түшүнөт жана биз мындай ишкерлерге көптөн бери муктажбыз. "Альянс Алтын" менен түзүлгөн келишим биргелешип өнүгүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деди Канат Абдрахматов.

"Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов белгилегендей, компания Жерүй кенинде 2015-жылдан бери иштеп келет жана алтын кен комбинаты ишке киргенге чейин эле 400 миллион доллар инвестиция салган. Ишкананын ачылышы 2021-жылдын мартында болгон. Учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт, анын тоннасында орточо 3-4 грамм алтын бар. Подряддык уюмдарды эске алуу менен кендин ишканасында 1,5 миңдей адам эмгектенет. Компания ошондой эле социалдык программаларды активдүү ишке ашырууда – өзүнүн алдында түзүлгөн өнүктүрүү фонду аркылуу 547 долбоорду ишке ашырган.

Компаниянын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндө Улуттук илимдер академиясы менен иштешүү экологиялык таза чөйрөнү түзүү, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү жаатында маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Биз Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууда абдан кубанычтабыз. Бул биз үчүн актуалдуу жана замандын талабына жооп берет. Анткени, илимдин өнүгүшү негизинен экономикалык ишмердүүлүктү жана калктын жашоо деңгээлин аныктайт. Академия менен биздин алдыбызда көптөгөн долбоорлор бар – алар жергиликтүү долбоорлордон тартып стратегиялык маанилүүлөргө чейин. Бул меморандумга кол коюу биздин мындан аркы биргелешкен жемиштүү ишибизге түрткү берет деп ишенем", - деди ал.

Ошондой эле компаниянын жетекчилигине буга чейин Улуттук илимдер академиясынан анын ишин жакшыртууга жана КРнын илимин өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган жабдууларды сатып алууга демөөрчүлүк жардамга байланыштуу кайрылуу келген. Келген кайрылуу кароосуз калтырган жок жана ушул айдын аягына чейин жардам берүү пландалып жатканын билдирди Сабир Рахматов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/12258