Чукул кабар! Айрым аймактарда үшүк жүрөт
RU

Чукул кабар! Айрым аймактарда үшүк жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 3-6-майында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрөрүн эскертет.

3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2 градуска жетип, үшүк жүрөт.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус болуп, үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/11976