"Чакан ГЭСтин" жетекчилеринин бири пара алып жатканда кармалды
RU

"Чакан ГЭСтин" жетекчилеринин бири пара алып жатканда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чакан ГЭС" ишканасынын жооптуу адамдары курулуш иштери боюнча тендерди өткөрүүдө пара алышкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Анда "Чакан ГЭС" ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала акча - пара алышкан.

Тергөөдө "Чакан ГЭСтин" жетекчиси жеке ишкерлерден келишимдин суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө акчаны өзүнүн үлүшү иретинде талап кылганын аныкталган.

"Эгерде андан баш тартса, жеке компанияларга аткарылган иштери үчүн акчаны төлөп берүүнү кечеңдетебиз деп коркутканы аныкталды. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча алып жаткан жеринен А.М. кармалган", - деп айтылган маалыматта.

Буга ылайык А.М. аттуу шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/11248