Айдоочудан акча албай койгон "инспектор" балдарга Кайгуул кызматы белектерди тапшырды
1894
Буга чейин интернетке айдоочуну токтотуп, эреже бузганын эскертип, сунган акчаны албай койгон "инспектор" балдардын видеосу тараган.
Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салып жаткан бөбөктөргө башкармалыктын атынан белектерди тапшырышты.Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери балдардын жолдо унааларды тосуп ойноосу, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/11018