Бишкектеги жаңы сейил багында видеокөзөмөл жана акысыз Wi-Fi орнотулат
RU

Бишкектеги жаңы сейил багында видеокөзөмөл жана акысыз Wi-Fi орнотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде видеокөзөмөл системасын орнотууну пландаштырууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой тендер мамекеттик сатып алуулар порталында жакын арада жарыяланат.

Сейил багында сервер жана 52 видеокамера орнотулуп, алардын камтый турган аянты 7,5 гектарга барабар болушу күтүлүүдө. Жашыл аймактын периметри менен акысыз интернети менен Wi-Fi коюлат.

Жаңы паркты видеокөзөмөл менен камсыздоо үчүн 2 млн 634 миң сом керектелет, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/103