Бишкектеги конуштарда мончолорду эмне менен ысытышат? Министрликтин рейди
1750
Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
"Таза аба" рейддик иш-чарасынын алкагында Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери Ак-Ордо-3 калктуу конушунда рейд өткөрүштү. Анда мончолордун ээлери жана тургундар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, катуу отундун сапаты жана мештердеги фильтрлердин бар экендиги текшерилди.
Бул жолу министрликтин адистери эреже бузгандарды тапкан жок.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/10206