Аялдын сөөгү бир нече ай трубалардын астында жаткан. Ал ким экени аныкталды
RU

Аялдын сөөгү бир нече ай трубалардын астында жаткан. Ал ким экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында, трубалардын астында аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Ош шарынын ИИБси кабарлады.

Масалиев көчөсүнүн астынан өткөн теплотрассанын түбүнөн жергиликтүү тургундар аялдын денесин табышкан.

"Өлүк 2-3 ай ал жерде жаткандыктан бузула баштаган. Анын өздүгүн аныктоо мүмкүн эмес болчу", - деп ИИБде белгилешкен.

Текшерүүүн жүрүшүндө каза тапкан аял 1970-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну Б.У. экени аныкталды.

Анын туугандарынын айткандарына ылайык, бир жыл мурун аял үйдөн чыгып кетип, Ош шаарынын көчөлөрүндө жашап калган.

Учурда анын өлүмүнүн себеби аныкталууда. Тиешелүү эксперизалар дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/101