Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин башкы адиси кармалды
RU

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин башкы адиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адисин кармашты. Комитеттен кабарлашкандай, кызматкер опузалап пара талап кылганга шектелүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, адис президенттин администрациясына караштуу "Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө жүрүп жатканын белгилешти УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/10077