Кыргызстандын мыкты футболчусу "Алга" клубуна өттү
RU

Кыргызстандын мыкты футболчусу "Алга" клубуна өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Алга - Бишкек" футболдук клубу Кыргызстандын мыкты оюнчусу Магамед Узденов менен келишим түздү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, келишим жылдын аягына чейин түзүлүп, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

28 жаштагы Узденов футболдук карьерасын 2012-жылы алматылык "Кайрат" клубунун курамында баштаган. 2012-жылы "Атырау" менен болгон беттеште Казакстандын Премьер-лигасында дебют жасаган.

Футболчу "Абдыш - Ата" (Кант) клубунун курамынан "Алгага" өттү.

Магамед Узденов Кыргыз футбол союзунун тандоосу боюнча профессионалдык лиганын мыкты оюнчусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/10061