Парламент интернеттеги жалган жалаа үчүн 100-200 миң сом айып салууну бир окууда жактырды
RU

Парламент интернеттеги жалган жалаа үчүн 100-200 миң сом айып салууну бир окууда жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.

63 депутат "макул", 6 депутат "каршы" добуш беришти.

Мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайтында же интернеттеги веб-сайттын баракчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын аброюна шек келтирген жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүчтүн (100 миң сом), юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүчтүн (200 миң сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалаа жана кемсинткен билдирүүлөрдү кароо укугун берүү сунушталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17766