Темиров Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунун журналисттери боюнча өкүм чыкты
RU

Темиров Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунун журналисттери боюнча өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-октябрда Ленин райондук сотунда Темиров Live жана "Айт, айт десе" долбоорлору менен кызматташкан 11 журналисттин иши каралып, өкүм чыкты.

Соттун чечими менен:

Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды.

Сот ошондой эле Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун уулун социалдык коргоо органдарына андан ары балдар үйүнө өткөрүп берүү чечимин чыгарды.

Ушул эле беренелер менен айыпталган "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков 5 жылга кесилди.

Актилек Капаров ("Алга медиа") жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга 3 жылга пробациялык жаза берилди.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков акталды.

Белгилесек, 2024-жылдын башында "Массалык башаламандыктар" беренеси менен 11 журналист камакка алынган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен төртөө - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта, калгандары бошотулган.

Буга чейинки сотто прокурор журналисттердин ар бирин алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17634