Балыкчыда 7 жаштагы бала учтуу нерседен жаракат алып, ооруканага түштү
446
Ысык-Көлдө 7 жаштагы бала учтуу нерседен жаракат алып, ооруканага түштү. Маалыматты редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Такталгандай, 2-октябрда болжол менен саат 14:50 чамасында Балыкчы ШИИБине шаардык ооруканадан кабар түшкөн. Анда 2017-жылы туулган баланын жаракат алганы айтылган.
Маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Облустук башкармалыктан бала короодо ойноп жүргөндө белгисиз адам аны учтуу нерсе менен сайып жибергенин билдирди. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда бейтап ооруканада жатат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/17563